Кыргызча   Русский


7. Угуп түшүнүү


а) Обондуу ырды уккула.

                                          Кыргыз калкым

Кемер кур, кемсел, өтүк, ак калпагы,
Кээ бирөө билбейт жүрөт анын баркын.
Элине белги берип тааныштырган,
Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым.

Кыргыз калкым, кыргыз калкым,
Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым.


Үйүнө конок келсе жүзү жарык,
Кой союп, сыйлай билет ата салтын.
Кызытып кымыз берип, май жегизген,
Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.

        Кызытып кымыз берип, май жегизген,
        Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.

 


 

б) Сөздөрдүн котормосун билип алгыла

кемер кур  – ремень (пояс) с металлическими украшениями
кемсел  – камзол с короткими рукавами
барк  – ценности
белги  – знак
кагылайын  – обращение к ребенку(готов стать искупительной жертвой)
сыйлай билет  – уважает, почитает
пейили  – душа


 



в) Ырдагы түшүп калган сөздөрдү койгула

Кемер кур, кемсел өтүк, ,
билбейт жүрөт анын баркын.
Элине белги берип тааныштырган,
кагылайын, кыргыз калкым.

Кыргыз калкым, кыргыз калкым,
Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым.

Үйүнө конок келсе ,
, сыйлай билет ата салтын.
Кызытып берип, май жегизген,
кагылайын, кыргыз калкым.
Кыргыз калкым, кыргыз калкым,
Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.

Колдонулуучу сөздөр: Пейлиңден, ак калпагы, кымыз, Кээ бирөө, жүзү жарык, Киймиңден, Кой союп