Кыргызча   Русский


2. Окуп түшүнүү


а) Текстти окуп, таланттуу актрисанын чыгармачылыгы боюнча ой бөлүшкүлө

Сабира Күмүшалиева

          Кыргыз эл артисти, белгилүү актриса Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта Пишпек шаарынын Төкөлдөш айылында туулган. 1934-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик театрына келип кирет.

          Алгач К. Жантөшевдин “Карачач” спектаклиндеги Карачачтын ролун аткарат. Ал үчүн бул чоң сыноо болуп, сахнадагы жолун ачкан. Бул ролдон кийин Ж. Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасында Ситайхо жана Зулайканын, М. Токобаевдин “Кайгылуу Какейинде” Зууранын ролун аткарган.

          С. Күмүшалиева комедиялык курч мүнөздөгү образдарды да мыкты аткарган. Аларга Р. Шүкүрбековдун “Күлүсүн” комедиясында Күлүсүндүн, “Жашыл токойдо” Жалжалдын, “Жапалак Жатпасовдо” Седептин, А. Көбөгөнөвдун “Болот менен Тынарында” Мастандын ролдорун өтө чеберчилик менен аткарган.

          Ал кино искусствосунда да көп эмгек сиңирген. Алгач 1957-жылы режиссёрлор Э. Шенгелия жана А. Сахаровдун “Муз жүрөк жөнүндө баян” фильминде Айнакандын апасын, В. Немоляевдин “Токтогул” фильминде Чокендин аялынын ролунда тартылган. Кийин 1967-жылы кинорежиссёр Т. Океевдин “Бакайдын жайыты” тасмасында байбиченин, Б. Шамшиев тарткан “Караш-караш” фильминде Тайлактын энесинин ролдорун эсте каларлык көркөмдүктө ойногон.

          Ал эми Т. Океевдин “Ортко таазим” фильминде Уркуянын кайненесинин, Б.Шамшиевдин “Ак кеме” фильминде Момун чалдын кемпирин образдарын эң мыкты чеберчиликте аткарган. Алар актрисанын экранда түзгөн каармандарынын эң орчундуусу, белгилүүсү болуп калды.

          Актрисанын кыргыз театр жана кино өнөрүнө сиңирген эмгеги жогору бааланып, 1967-жылы “Кыргыз ССРинин Эл артисткасы” деген ардактуу наамга, 1976-жылы Эмгек Кызыл Туу жана “Ардак белгиси” ордендерине татыктуу болду. Жашы өйдөлөсө да, кайратынан жазбай театрда иштеп, кичүүлөргө өрнөк болгондугу үчүн артисттер аны “театрдын апасы” деп сыймык менен аташчу.

        Ал 2008-жылы дүйнөдөн кайтты.

 

 

 

 

б) Сөз айкаштарын эки тилде окугула 

эл артисти                                           педагогикалык окуу жайы

музыка жана драма жанрлары             театралдык студия

чебер актриса                                      курч мүнөздөгү образдар

экранда түзгөн каармандар                  театр жана кино өнөрлөрү

жаш актёрлор                                      күч-кубатына тайбай



в) Суроолорго жооп бергиле


1. Сабира Күмүшалиева ким болгон экен?


2. Ал кайсы пьесаларда ойногон экен?


3. Аталган пьесаларда кимдин ролдорун аткарган?


4. С. Күмүшалиева кайсы кинотасмага тартылыптыр?


5. Анын эмгеги мамлекет тарабынан бааландыбы?




е) Сүйлөмдөрдү бириктиргиле




д) Бош жерлерге ылайык келген сөздөрдү койгула.

1. “Карачач” ойногондон кийин Сабиранын дагы жогорулады.
2. Ал сахнада рол аткарып жүрүп бай ээ болгон.
3. , Зууранын, ролун мыкты ойногон.
4. Жаш талапкерлерге насаатын айтып, аларга сырын үйрөткөн.

Колдонулуучу сөздөр: спектаклинде, чеберчиликтин, өмүр бою, Зулайканын, өнөрү, Карачачтын, тажырыйбага







ж) Төмөнкү сүйлөмдөрдү толуктагыла.

1. Сабира эже эс тарта баштаганда эле болууну каалаган.
2. Жаш артисттерге жардам бергендиги үчүн аны “” деп коюшат.
3. Ал кино да эмгек сиңирген.
4. “Бакайдын жайыты” тасмасында ролун ойногон.
5. Ал эми Т. Океевдин “” тасмасында Уркуянын кайненесинин аткарган.

Колдонулуучу сөздөр: ролун, байбиченин, актриса, искусствосунда, Отко таазим, театрдын апасы