Кыргызча   Русский


6. Окуп түшүнүү


а) Кыргыздын улуттук «Кан таламай» оюнун билип алгыла

Кан таламай

 

Оюнчулардын саны: 2–6 киши.

Оюнда колдонуучу буюмдар: чүкөлөр.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, бөлмө.

        Оюнга даярдануу. Оюнчулар тегерек болуп уй мүйүз тарта отурушкандан кийин шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

       Оюндун эрежеси. Чүкөлөрдү көп кылып чогултуп алып, баары бирдей чүкө кылып, ортого хан деп кызыл түскө боёлгон чоң чүкө чыгарылат. Чүкөнү калчаганда кан таа туруп калса, анда таламай башталат, эгер айкүр турса 3 жолу өкчөлөт. Кайра эле таа турса таламай, бөк же чик түшсө ойной бермей.Чүкөнү чачкан адамдан башка адам өкчөйт. Өзү кол тийгизсе жыдып калат. Ойноюн деген балдар баары бирден чүкө тандап, анын баарын калчашат. Кимдики таа турса ошол биринчи баштачу, улам чик же бөк түшүп кала бергендердики артта ойночу.

      Чүкө чачылып, окшош-окшошу менен атылат. Мисалы, бөк менен бөк, чик менен чик, канды гана атканга болбойт, аны эң аягында гана атат. Чик менен атып жатып башкасына тийип калса анда жарабайт, жыдып, кийинки оюнчу улантат. Чүкө түгөнүп, баарын утуп алгандан кийин, кайра баштаарда кан кимде болсо канга бир чүкөнү ашык кошуп кан жолдош деп, калган чүкөлөрүн санап жатканда, ошончо чүкө кошкон, кан кимде болсо ошол оюнду баштаган.

    Чүкөнү өзүнө көп топтогон адам жеңишке ээ болот.

 

б) Сөздөрдү эки тилде өздөштүрүп алгыла

оюн өткөрүлүүчү жер     – место проведения игры

эреже                           – правило

чачкан                          – разбрасывать

тандоо                         –выбирать

аягында                      – в конце

утуу                             –выиграть

саноо                           –считать

чик                               – впалая сторона альчика

бөк                               – выгнутая сторона альчика



в) Суроого жооп бергиле


1.Кан таламай оюну кайсы жерде өтөт?


2. Оюнда колдонуучу буюмдар кайсылар?


3. Оюнчулардын саны канча адамдан турат?