Кыргызча   Русский


4. Угуп түшүнүү


а) Ырды угуп, эсиңерге сактап алгыла.

          Элчи

Көрө билип алысты,

Коргоп элдик намысты.

Элчи болуп барсам – дейм,

Өлкөлөргө алыскы.

 

Эл ишеничин актасам,

Эл достугун сактасам.

Дүйнөдөгү эң бир чоң

Өлкөлөргө каттасам.

 

Бул – кыргыздын уулу – деп,

Чыгып элге атагым,

Келет менин дүйнөдө

Урмат менен жашагым!

Абзий Кыдыров
 



б) Ырды толуктап жазгыла

,
Коргоп элдик намысты.
,
Өлкөлөргө алыскы.

Эл ишеничин актасам,
.
Дүйнөдөгү эң бир чоң
.

– деп,
,

!

Колдонулуучу сөздөр: Урмат менен жашагым, Чыгып элге атагым, Өлкөлөргө каттасам, Бул – кыргыздын уулу, Келет менин дүйнөдө, Эл достугун сактасам, Элчи болуп барсам – дейм, Көрө билип алысты