Кыргызча   Русский


5. Угуп түшүнүү


а) Дүйнөнүн кереметтери жөнүндөгү тексттерди окуп, билип алгыла

Интернет булактарына кайрылып, аларды толуктап, ой бөлүшкүлө

Петра

      Петра – асканын ичине оюлуп салынган Иорданиядагы шаар. Бул шаар ар бир доордогу басып алуучуларга таандык болуп келген. Алар шаардын архитектурасына жаңылык киргизип келишкен. Шаар жолоочулар үчүн эс алуучу жай катары курулган. Мында чөлдөрдү басып өткөн кербендер токтоп,ысыктан баш калкалап, шаардагы булактардан суу алып,эс алып өтүшчү. Аска ичиндеги үйлөр аптап күндөрү салкын болуп, жолоочуларга ысыктан сактанчу жай катары кызмат кылып келген. Мындай кооз  имараттарды аска ичине куруу үчүн таш усталары канча убакыт кетиргени азыркыга чейин туристтерди таң калтырбай  койбойт.

 

 

 

б) Сөз айкаштарын өздөштүрүп алгыла

оюлуп салынган   – выдолбленный
жолоочулар үчүн  – для путешественников
чөл – пустырь
өткөн кербендер – проходивщие караваны
баш калкалоо – укрыться
таш усталар – каменьщики

 

 

 

Колизей

         Рим Колизейи дүйнөдөгү эң чоң амфитеатр болуп саналат. Ал биздин эрага чейин I кылымда салынган. Бул курулуш 50 миң  көрүүчүнү батыра алган. Бир нече кылымдар бою мында римдиктер үчүн гладиатордук мушташтар жана башка оюн-зооктор көрсөтүлүп турчу. Римдин жана ошондой эле бүт Италиянын символу болгон Колизей саякатчылардын көңүлүн өзүнө тартып турат.  

 

 

в) Сөз айкаштарын өздөштүрүп алгыла

биздин эрага чейин – до нашей эры
көрүүчүнү батыра алган – смог вместить зрителей
гладиатордук мушташтар – гладиаторские бои
саякатчылардын көңүлүн – внимание путешественников
өзүнө тартып турат – привлекая внимание

 

 

 

Тадж-Махал

           Индиянын эски шаарларынын бири – Агра шаары. Ал илгерки заманда Улуу Моголдор дөөлөтүнүн борбору болгон. Агра Дели шаарынын 204 километр алыстыкта турат. Ушул шаарда ал ак мрамордон  1630-1648-жылдары салынган Тадж-Махал күмбөзү жайгашкан. Күмбөздү XVII кылымда дөөлөт башчысы Жахан Шах, өзүнүн эң сүйүктүү аялы – Мумтаз Махалга арнап тургузган.

          Мумтаз Махал 36 жашында каза болот. Азага мүңкүрөгөн Жахан Шах өзүн өлтүрмөкчү болот. Бирок аялынын атагын чыгаруу үчүн,.......................

 

 

Чичен-Ица

    Чичен-Ица майя цивилизациясы үчүн маданий жана саясый жактан маанилүү ролду ойноп келген. Ал – Мексикадагы Юкатан жарым аралынан орун алган  байыркы шаар. Чичен-Ицанын негизги символу – бул бийиктиги 30 метрге чейин жеткен тогуз тепкичтүү Кукулькандын пирамидасы болуп саналат. Анын ичинде Ягуар тахтысы орун алган. Кукулькандын пирамидасы Египет пирамидаларына караганда бийик эмес Гизадагы Хеопстун пирамидасынын бийиктиги 140 метрди түзөт.  ..............

 

 

 

г) Сөздөрдү эсиңерге тутуп алгыла

маданий  – культурный
саясый – политический
жарым арал – полуостров
тахты – трон


д) Берилген сүйлөмдөрдөгү боштуктарды тиешелүү сөздөр менен толуктагыла

1. Тадж-Махалды Шах-Джахан төрөттөн каза болгон сүйүктүү аялы Мумтаз-Махалдын арнап салдырган.

2. Тадж-Махал салынган.

3. Христостун статуясы жана жасалган.

4. Христостун статуясынын курулушу 1922-жылы башталып, созулган.

5. Чичен-Ицанын негизги символу-бул бийиктиги 30 метрге чейин жеткен Кукульканын пирамидасы.

6. Анын ичинде орун алган.

7. Улуу Кытай дубалынын узундугу ашык.

8. Улуу Кытай дубалы Пекинден жайгашкан.

9. Аны которгондо “Эски чоку”деген билдирет.

10. Мачу-Пикчу 2450 метр бийиктикте жайгашкан.

Колдонулуучу сөздөр: Ягуар тахтысы, деңиз деңгээлинен, маанини , темир бетондон, жаркын элесине, 1630-1648-жылдары, тогуз тепкичтүү, самын таштан, тогуз жылга, 8850 километрден, 75 км алыстыкта




е) Сүйлөмдөрдүн башталышын толуктап жазгыла

1. Индиядагы Агра шаарында жайгашкан.

2. ак мрамордон салынган.

3. жетүү үчүн атайын кичинекей поезд каттамы жүргүзүлөт.

4. Рио-де-Жанейрону көрүүгө сонун панорама ачылат.

5. Мексикадагы Юкатан жарым аралынан орун алган.

6. дүйнөдөгү эң чоң амфитеатр болуп саналат.

7. оюлуп салынган Иорданиядагы шаар.

8. чейин серпантин жолу менен автобус жүрөт.

Колдонулуучу сөздөр: Мачу-Пикчуга, Тадж-Махал, Петра – асканын ичине, Мында тургандар үчүн , Чичен-Ица , Рим Колизейи, Тадж-Махал күмбөзү, Христостун статуясына