Кыргызча   Русский


5. Окуп түшүнүү


а) Сөз айкашын эки тилде окугула

кут  -  благополучие, счастье, удача
бала кезде  – в детстве   
түндүктү карап   – смотря на тюндюк
баланын тилеги  – мечта ребенка
Теңирим берет  – Бог даст
кутту сактайбыз  – сохраняем счастье
коломтого түшөт   – попадёт в очаг
колуңарды күйгүзбөйт  – не обжигает руки
бала алыш керек  – должен взять ребенок
күнөөсүз, таза адам  – невинный, чистый  человек
дили кара адам  – человек с темной душой
тезекке айланат  – превращается в кизяк
кочкул кызыл таш    – бордовый камень
катып салуу   – спрятать
чүпүрөккө ороп  – завернув в тряпку
кут конгон үйдө   – в благополучном доме
калп айткан болбойт  – нельзя лгать 
улуунун сөзүн угат  – слушаются старших
улууну сыйлайт  – уважают старших
тил алчаак болот  – будет послушным
кут качып кетет  – от него счастье отвернется
анын тарбиясы, осуяты  – его (ее) воспитание, завет
улуу сабак  здесь: жизненный урок
акылман чоң эне – мудрая бабушка 
кут качып кетет  - здесь: утратишь счастье, благополучие


 



б) Сөз айкашынын которуп, эиңерге туткула.







в) Кеңеш Жусуповдун “Кут” деген аңгемесин угуп түшүнүү.

Биз бала кезде боз үйдө жатып, түндүктү карап, очокко кут түшөр бекен деп, тилек кылар элек. Чоң энебизден:

  • Кут түндүктөн качан түшөт? - деп сурай берчүбүз. Анда чоң энебиз:
  • Баланын тилегенин Теңирим берет, жакшылап карап жүргүлө.
  • Чоң эне, кут түшсө аны кантип сактайбыз?
  • Кут чоктой болуп коломтого түшөт. Колуңарды күйгүзбөйт, дароо уюп калат, аны коркпой бала колго алыш керек.
  • Эмне үчүн бала алыш керек?
  • Кутту таза, күнөөсүз адам кармайт. Дили кара адам кармаса, тезек болуп калат. Силер балдар, Теңирдин сүйгөн күнөөсүз адамдары болосуңар - дейт.

Күндөрдүн биринде жайлоого келсем, чоң энем айтты:

  • Сен кеткенден кийин, үйгө кут түштү, деп уюган кочкул ташты көрсөттү. Мен далай күн, ай, жыл күткөн ыйык кутту кызыгып, суктанып көпкө карадым.
  • Муну эми көпкө кармаба, катып салалы, - деп өзүнүн сандыгына чүпөрөккө ороп катып койду. Анан чоң энем мага эскертти:
  • Үйгө ырыскы түштү, муну жакшылап күтүп алалы, кут конгон үйдө бейбаштык кылбаш керек, калп айткан болбойт, улуунун сөзүн угат, аларды сыйлайт. Бала тил алчаак болот, жаман ишке барбайт, болбосо кут качып кетет. Кийин ойлосом, чоң энем өтө акылман экен, анын тарбиясы, осуяты байыртадан келаткан улуу сабак тура.
  •  
  • г)  Чоң эне менен неберенин диалогун уккула

    - Чоң эне, кут түндүктөн качан түшөт?

    - Жакшы тилек кылсаңар түшөт.

    - Кут каякка түшөт?

    - Кут коломтого түшөт.

    - Кутту ким алыш керек?

    - Бала алыш керек.

    - Эмне үчүн?

    - Бала таза, күнөөсүз адам.

    - Кут түшкөн үйдө эмне болот?

    - Ынтымак, бакыт-таалай.



д) Диалогду которгула, чоң эненин айткандарын эсиңерден чыгарбагыла.


Если вы будете думать о хорошем, придет счастье.


Благополучие приходит в домашний очаг.


Должен взять ребенок.


Дети чистые, безвинные.


Что есть в благополучном доме?


Дружба, согласие, счастье.