Кыргызча   Русский


4. Лексика-грамматикалык материалды өздүштүрүү


Кыйыр толуктооч

Косвенное дополнение

Кыйыр толуктоочтун милдетин жатыш, чыгыш, барыш жөндөмөдө турган  сөздөр жана жандоочтук байланыштагы сөз айкаштары аткарат.     

Жатыш жөндөмөдөгү сөздөр кимде? эмнеде? чыгыш жөндөмөдөгү сөздөр кимден? эмнеден? барыш жөндөмөдөгү сөздөр кимге? эмнеге? деген суроолорго жооп берет. Мисалы:

  1. Жүзүндө кубанычтын белгиси билинип турду.

  2. Окуучулар журналдан кызыктуу маалымат окушту.

  3. Жакшыга жанаш, жамандан адаш.

 

 



а) Сүйлөмдөрдөгү кыйыр толуктоочторду тапкыла


1. Кыргыз _______ көптөгөн каада-салттар бар.


2. Кыргыз эли_____жашаса дагы салттарын унутпай тойлорду өткөрүшкөн.


3. Биздин элде салт боюнча тушоо _____балдар да катышат.


4. Үлүш _____ ар бир үй-бүлө кезектешип чакырышкан.


5. _____ келген адам _____ устукан алып келет.


6. Тушоо ____чуркаган _____ байгелер берилет.




б) Өзүңдү текшер


1. Кыйыр толуктоочтор кайсы жөндөмөлөрдө турат?


в) Чыгыш жөндөмөнүн суроосу кайсы?


3. Отчего? откуда? деген суроолорду которгула