Кыргызча   Русский


1. Окуп түшүнүү


Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү

a) Сөз айкаштарын эки тилде өздөштүрүп алгыла

табигый шарттары – природные условия
омурткалуулар – позвоночные 
жерде-сууда жашоочулар – земноводные 
сойлоп жүрүүчүлөр – пресмыкающиеся  
сүт эмүүчүлөр – млекопитающие 
ыксыз аңчылык кылуу – черезмерно охотиться 

 



б) Сөз айкаштарынын туура котормосун тапкыла







в) Текстти окугула

Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү

       Кыргызстандын аймагы бийик тоолуу жана табигый  шарттары ар түрдүү болгондуктан, мындагы жаныбарлар дүйнөсү дагы ар түрдүү.

      Республиканын фаунасына омурткалуулардын 500дөн ашуун түрү кирет. Анын ичинде балыктын 40, жерде-сууда жашоочулардын 300, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 28, канаттуулардын 35, сүт эмүүчүлөрдүн 78 түрү бар.

     Омурткасыз жаныбарлардын фаунасы азырынча жетиштүү деңгээлде изилдене элек. Азыркы маалыматтар боюнча республикада курт-кумурска менен кенелердин гана 4 миңдей түрү кездешет.

    Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жаныбарларга марал, аркар, сүлөөсүн, илбирс жана күрөң аюу кирет. Алар Теңир-Тоонун карагайлуу токойлорун жана бийик тоолуу Арпа, Ак-Сай, Суусамыр өрөөндөрүн мекендейт. Бул жаныбарларга ыксыз аңчылык кылуунун кесепетинен көп аймактарда жоголуп кеткен, ошондуктан алар «Кызыл китепке» катталган.

 

 



г) Тексттеги сүйлөмдөрдү толуктагыла

Кыргызстандын аймагы бийик тоолуу жана табигый шарттары ар түрдүү болгондуктан, мындагы дагы ар түрдүү.

Республиканын фаунасына омурткалуулардын 500дөн кирет. Анын ичинде балыктын 40, жашоочулардын 300, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 28, канаттулардын 35, сүт эмүүчүлөрдүн 78 түрү бар.

жаныбарлардын фаунасы азырынча жетиштүү деңгээлде изилдене элек. Азыркы маалыматтар боюнча республикада менен кенелердин гана 4 миңдей түрү кездешет.

Кыргызстанда кездешүүчү жаныбарлар марал, аркар, , илбирс жана күрөң аюу кирет. Алар Теңир-Тоонун карагайлуу токойлорун жана бийик тоолуу Арпа, Ак-Сай, Суусамыр өрөөндөрүн . Бул жаныбарларга ыксыз кылуунун кесепетинен көп жоголуп кеткен, ошондуктан алар «Кызыл китепке» катталган.

Колдонулуучу сөздөр: жерде-сууда , Омурткасыз , аймактарда , мекендейт , жаныбарлар дүйнөсү , сейрек , ашуун түрү , сүлөөсүн , аңчылык , курт-кумурска