1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ
а) Текстти окуп, тамак-аштарды билип алгыла.
Тамак-аштар
Мейманга барганда дасторкондун үстүнө түркүн даамдар коюлат. Мисалы, нан, боорсок, калама, каттама, чакчак, бешбармак, палоо, кесме, күлчөтай жана башкалар. Мынчалык түрдүү тамак-аштарды адамдар кантип ойлоп тапты экен? Ар улуттун эли бири-биринин үйүнө барып жеген даам-татымдарын жактырып жеп калышкан экен, көрсө.
Мисалы, кыргыздын бешбармагын элдин баары билет. Өзбек элинин палоосу, уйгурлардын лагманы, дунгандардын фунчозасы жалпы кыргыз эли үчүн да жакшы даам болуп калды. Бул да болсо, достуктун, ынтымактын белгиси.
Ата-бабаларыбыз тамак-ашты колу менен жешкен. Азыр да бешбармакты, мантыны кол менен жешет.
б) Сөздөрдү окугула, эсиңерге туткула
тамак-аштар | еда |
|
түркүн даамдар | разные явства |
|
палоо | плов |
|
ойлоп табуу | придумать |
|
даам-татым | здесь:еда |
|
ынтымактын белгиси | признак дружбы |
|
ата-бабаларыбыз | наши предки |
|
колу менен жешкен | ели руками |
|
в) Туура котормосун тапкыла.
еда
түркүн даамдар
разные явства
ынтымактын белгиси
плов
ата-бабаларыбыз
придумать
колу менен жешкен
здесь:еда
палоо
признак дружбы
даам-татым
наши предки
ойлоп табуу
ели руками
тамак-аштар
г) Ырды жаттап алгыла
Дасторкон
Көңүл сыйлап адамдар,
Дасторконго олтурат.
Касиеттүү нан менен,
Дүйүм тамак толтурушат.
Дасторконду барктабай,
Тепсеп өтпө чекесин.
Ырыскыңды тебелеп,
Ыйманыңдан кетесиң.
Анан дагы эч качан,
Дасторконду аттаба.
Ыйыктыгы жашоодо,
Теңдеши жок башкага.
Бактыгүл Чотурова
еда | түркүн даамдар |
разные явства | ынтымактын белгиси |
плов | ата-бабаларыбыз |
придумать | колу менен жешкен |
здесь:еда | палоо |
признак дружбы | даам-татым |
наши предки | ойлоп табуу |
ели руками | тамак-аштар |
Дасторконго олтурат.
Касиеттүү нан менен,
Дүйүм тамак толтурушат.
Тепсеп өтпө чекесин.
Ырыскыңды тебелеп,
Ыйманыңдан кетесиң.
Дасторконду аттаба.
Ыйыктыгы жашоодо,
Теңдеши жок башкага.
Бактыгүл Чотурова