Кыргызча   Русский


4. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ӨЗДӨШҮРҮҮ


                        

                                    Кызматчы сөздөр

       Кызматчы сөздөргө жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр жана модалдык сөздөр кирет. Жардамчы сөздөр өзүнчө турганда эч кандай маани бербейт, бирок сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырып, аларга кошумча маани берет. 

 

      Жандоочтор                   

      Жандоочтор  ар дайым атооч сөздөр менен тизмектешип аларды жандап айтылат. 
       Жандоочтор: менен (с), жөнүндө,туурасында (про,об,о), сыяктуу (подобный), боюнча (по, согласно), карай, көздөй (в сторону), чейин, дейре (до), үстүндө (вверху), жанында (около, возле) ж.б. 
        Мисалы: Окуучулар мектепти көздөй чуркашты.  
        Сен экинчи сабакка чейин келип кал.  

                                       Байламталар             
       Байламталар сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырат. 
Байламталар: жана (и), же (или), менен (и), себеби (поэтому), эгер (если), бирок (но). 
Мисалы: Мен сабакка шашып жөнөдүм, бирок кечигип калдым. 
           Айжан менен Болот бир класста окушат. 

                                        Бөлүкчөлөр 

      Бөлүкчөлөр сүйлөмгө кошумча гана маани берет. 
Бөлүкчөлөр:
го (ведь), эң, өтө, абдан, аябай (очень), да (и), таптакыр (совершенно, никогда).   
       Мисалы: Айбек сабакка шашса да, кечигип келди го. 
               Бүгүн менин колум таптакыр бошобойт. 

                                       Модалдык сөздөр

       Модалдык сөздөр ой-пикирди ырастайт, аны божомолдогонун билгизет, кандайдыр бир нерсенин зарылдыгын, милдеттүүлүгүн туюндурат. 
       Модалдык сөздөр:
албетте (конечно),арийне (несомненно), балким (наверное), мүмкүн (возможно), ыктымал (может быть, возможно), чамасы (по-видимому), сыягы (похоже), чындыгында (по правде), ырас (правда, действительно), сөзсүз (обязательно), шексиз (несомненно), керек (необходимо), тийиш (должен), көрүнөт (кажется), окшойт (похоже), шекилдүү (видимо, похоже), имиш (якобы).  

 



а) Кѳп чекиттин ордуна жандоочторду жазгыла.

1. Бегайым Самат окуйт.

2. Бурана Мунарасы айтып берчи.

3. Мен досуман келдим.

4. Мага роза гүлүнѳн айгүл гүлү жагат.

5. Биз Чолпон-Ата шаарына келдик.

6. Балдар мектепти жѳнѳштү.

7. Бул даарыны тамактаничиш керек.

Колдонулуучу сөздөр: мурун , менен , жѳнүндѳ , карай , кѳрѳ , чейин , кийин




б) Көп чекиттин ордуна керектүү байламталарды жазгыла.

1. Жылдыздан бешбармак палоо жасаганды үйрѳндүм.

2. Өткѳн жылы күн суук болду, кар кѳп жааган жок.

3. Алмаз Бегайым бирге окушат.

4. Алмаз , Бегайым англис тилин жакшы билишет.

5. Эртең менен сѳзсүз келгин, болбосо ѳзүм барам.

6. алар жакшы окуганда, сынактан ѳтүшмѳк.

Колдонулуучу сөздөр: же , менен , жана , эгер , бирок , да




в) Сүйлѳмдѳрдү керектүү бѳлүкчѳлѳр менен толуктагыла.

1. Окуучулар сабакка кечигип келишти.
2. Ысык- Кѳл – кооз кѳл.
3. Алмаз башка китепти сатып алыптыр .
4. Алар бүгүн келип калышы мүмкүн.

Колдонулуучу сөздөр: эң, го, да, таптакыр




г) Сүйлѳмдү маанисине жараша модалдык сѳздѳр менен толуктагыла

1. кѳчмѳндѳр оюнунда улуттук оюндар ойнотулат.
2. Кѳчмѳндѳр оюнуна Орусиядан да келип калар.
3. Спорт менен машыгуу .
4. мен чындыкты айтууга .
5. ал мени кѳргѳн жок.

Колдонулуучу сөздөр: Чындыгында, керек, балким, Ырас, тийишмин, Албетте




д) Кайсы байламталардын жардамы менен сүйлѳмдѳрдү бириктирсе болот?


1. Кечээ Алмаз спорт ордосунда болду+Ал үйгѳ кеч келди.
2. Олянын кыргыз курбулары кѳп+ Ал кыргызча жакшы түшүнөт.
3. Ал спорт менен кѳп машыкты+ Ал биринчи орунга чыкты




е) Тексттеги кызматчы сѳздѳрдү аныктагыла.


1. Гапар Айтиев 1939-жылы Москвада ѳткѳн кыргыз адабияты <менен> искусствосунун декадасында «Алтын кыз» музыкалуу драмасын жасалгалаган.


2. Ал чыгармачылык жеңиши <үчүн> «Ардак белгиси» орденине татыкттуу болгон.


3. 1960-жылы «Чабандар», «Ысык-Кѳл», «Кыргыз деңизи» аттуу чыгармалары <үчүн> «Токтогул» сыйлыгынын лауреаты болгон.


4. Гапар Айтиев – чебер портретчи <да> болгон.


5. Ал ырчы М. Баетов <жана> комузчу Ч. Иманкуловдун портреттерин тарткан


6. Сүрѳтчү Ж.Кожокматов <менен> биргелешип тарткан «Акындар» аттуу группалык портрети жогорку чеберчиликте тартылган.


7. Андан сырткары «Жылкычы», «Токтогул», «Саякбай» скульптуралык портреттери <да> кѳрүүчүлѳргѳ белгилүү.


8. Гапар Айтиевдин <эң> мыкты чыгармалары Третьяков галереясынын сүрѳт кѳргѳзмѳлѳрүнѳ коюлуп келе жатат.


9. Таланттуу сүрѳтчү Ленин, Октябрь революциясы ордени, эки жолку «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак белгиси» ордендери <менен> сыйланган.