Кыргызча   Русский


6. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а)  Диалогду ролдоштуруп окугула

 

Мугалим:   Саламатсыңарбы, балдар!
Окуучулар: Саламатчылык, эжей!
 - Балдар, бүгүн кайсы майрам?
  - Мамлекеттик тил күнү.
  - Кыргыз тили качан мамлекеттик тил болуп кабыл алынган?
  - 1989-жылдын 23-сентябрында.
  - Азаматсыңар! 
- Балдар, Кыргыз ССРинин  Конституциясына ылайык 1989-жылы 23- сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан  «Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик тили жѳнүндѳ мыйзам» кабыл алынган. Азыр кыргыз тили – эгемендүү  Кыргызстандын улуттук тили. Ал эми орус тили  улуттар аралык байланышуу  тили болуп белгиленген.
- Келгиле, тил жѳнүндѳ  макал-лакаптарды, табышмактарды айтып,  ырларды ырдайлы.
   -  Баштагыла:
   -  «Тил – акылдын күзгүсү»
   - Тил билсең, дил билесиң. 
   - Тил – ойдун  булагы.  
   -  Ой – океан, тил – булак. 
   -  Ой – сѳздүн сандыгы. 
   -  Эне тил – улут сыймыгы.
   -  Азаматсыңар!

 

а) Сөз айкаштарынын туура котормолорун таап, эсиңерге туткула

Мамлекеттик тил     Государственный язык
тил жөнүндө мыйзам  закон о языке
эгемендүү Кыргызстандын суверенного Кыргызстана
улуттук тили    национальный язык
улуттар аралык межнациональный
байланыштуу тили язык межнационального общения
тил билсең если знаешь язык
 дил билесиң  познаешь душу
акылдын күзгүсү зеркало души
ойдун булагы родник мысли
ой –океан мысль – океан
тил – булак язык – родник
улут сыймыгы гордость нации
сөздүн сандыгы сокровищница

 



б) Сѳз айкаштарын которуп, эсиңерге туткула.




в) Макал-лакаптарды толуктагыла.


Тил билсең…………. билесиң


Тил –ойдун …………


Тил – акылдын …………


……………. тил булак


……………. улут сыймыгы