Кыргызча   Русский


7. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Таята менен неберенин маегин уккула

- Таята, жомок айтып бересиңби?
- Айтса, айтып берейин, кызым.
- Илгери бир карыя жашаптыр. 
- Балдары жок бекен? 
- Жок, 9 баласы болуптур. 
- Ананчы, таята. 
- Балдары атасынын айтканын угушчу эмес экен. Бир күнү карыя: “Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, бул 9 чыбыкты тобу менен сындыргыла”, - дейт. 
- Чыбыкты кимиси сындырыптыр? 
- Эч кимиси сындыра албаптыр. “Эми чыбыкты бирден сындырып көргүлө”, -  дептир.
- Сындыра алыштыбы? 
- Албетте, балдары чыбыкты бирден ошол замат сындырышыптыр. Ошондо карыя: “Бооланган чыбыктай бирдиктүү болсоңор, силерге эч ким тие албайт”, - дептир.  
- Балдар атасынын сөзүн угушуптурбу? 
- Ооба, алар атасын угуп, бири-бири менен ынтымактуу жашап калыптыр. Ырыс алды – ынтымак, деген сөз мына ошондон калган экен, кызым.