Кыргызча   Русский


9. БИЛИП АЛГЫЛА


а)

Эмне үчүн Каныкей күмбѳз салдырууда жѳнѳкѳй топуракты колдонбой күлбото топуракты акы берип алдырган?
Топурактын ѳзүн эле ийлетип салдырганда, ал аморфтуу болуп, оңой үбѳлѳнүп, бышык болбойт. Күлботонун тыгыздыгы жѳнѳкѳй топурактын тыгыздыгынан чоң болгондуктан, бышык бекем болот.


Топуракка жез менен темирдин таарындысын, эчкинин жүнүн коштуруп  жуурутуп, ийлеткендиктин сыры эмнеде?
Топурактын бекемдиги, бышыктыгы жогорулайт, серпилгичтүүлүк касиети жогорулайт.

Күлбото топурагы деген эмне?
Күлбото топурагынын курамында 35 пайыздан кем эмес алюминийдин оксиди, 50 пайызын кремнийдин оксиди болот. Ошондуктан ал жогорку температурага чыдамдуу топурак болот. 


Эчкинин майын жана кылын кошкондун себеби эмнеде?
Себеби топурак жакшы ийге келип, алардын байланыштыруучу касиети жогорулайт. Алар бири-бирине бекемдешип, кургаганда жарылбайт. 

Наманганда, Аму жана Сыр дарыяларында кандай түзүлүштѳгү топурактар басымдуулук кылат? 
Наманган, Аму жана Сыр дарыялары чѳл жана жарым чѳл зоонасында жайгашкандыктан, топурактары структурасыз, ак топурактар болот. Ошондуктан  Каныкей  апабыз Манас атанын күмбѳзүн мындай топуракка жез менен темирдин таарындысын, эчкинин майын, жүнүн кошуп салдырган.

Адабий чыгармадагы табият сырлары: кошумча окуу – методикалык куралы/ М.Субанова, К.Сыртова, С.Иманалиева, Ч.Шыгаева, Б.Рыспаева; Сүрѳтчүсү: К.Рымбек., - Б 2014- ж, 128- б)

 

 

б) Диалогду уккула, уланткыла


- Бул кайсы имарат?
- Бул улуттук филармония.
- Абдан кооз экен. Бул эстеликтер жѳнүндѳ эмне билесиз?
- Бул эстеликтер «Манас композициясы».
- «Манас» композициясынын автору ким?
- Эстеликтердин авторлору: Тургунбай Садыков жана  А.Печенкин деген скульпторлор.
- Тиги эстеликтер кимдики?
- Ал эстеликтер – Саякбай Каралаев жана Сагынбай Орозбаковдун эстеликтери. Ал эми ары жагында Манас атанын, Каныкей апанын жана Бакай атанын эстеликтери.
- …………………

 

в)

1. Чүй аймагындагы Баласагын шаарында – улуу акын, философ, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын жашаган.


2. Ысык-Кѳл аймагындагы Барскоон деген шаарда окумуштуу-филолог, энциклопедист Махмуд Кашкари жашаган.


3. Талас аймагында Шекер айылында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жашаган.


4. Ош аймагындагы Мады айылында Курманжан датка жашаган.


5. Таласта Манас күмбөзү жайгашкан.


6. Ошто Сулайман тоосу бар.


7. Нарын дарыясынын боюнда Тайлак баатырдын күмбөзү тургузулган.


8. Түптө Ногой баатырдын күмбөзү бар.


9. Ысык-Кѳлдө Чолпон-Атанын күмбөзү бар.