Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сөз айкаштарын эки тилде окугула

жалгыз уул единственный сын
таң атканда спозаранку
түн киргенче до ночи
бөрүнү атып застрелив волка
бөлтүрүгүн ыйлаткан заставил плакать волчонка
түлкүнү атып застрелив лису
бачикилерин ыйлаткан заставил плакать лисят
аюуну атып застрелив медведя
мамалагын ыйлаткан заставил плакать медвежонка
10 миң жаныбарды 10 тысяч животных
кийиктин пири Кайберен покровитель горных козлов Кайберен
адам болуп кубулуп превратившись в человека
кордук тартып живи в муках
ботосу өлгөн төөдөй как верблюд, потерявший верблюжонка
"боздоп жүрүп өт" деп каргап проклял "будь в скорби по потерянным детям"
көздөн кайым болот исчезнет
бадалдын түбүндө под кустом
эликтин чаарчыгы детёныш косули
куру барбайын не идти с пустыми руками
өз баласын своё дитя
атып алыптыр застрелил
элик тончон в шубе из шкуры косули
"Карагул ботом" кошогу жамактан скорбное причитание "Верблюжонок мой, Карагул"
жамактаган сочинил
комуздун муңдуу коштоосу в сопровождении траурной музыки комуза
айтылып жүрөт рассказывается
жетим калтырган сделал сиротами
тагдыр судьба

 



б) Сөз айкаштарын туура которгула, эсиңерге туткула

жалгыз уул заставил плакать медвежонка
таң атканда под кустом
түн киргенче в сопровождении траурной мелодии комуза
бөрүнү атып судьба
бөлтүрүгүн ыйлаткан единственный сын
түлкүнү атып застрелив волка
бачикилерин ыйлаткан застрелив медведя
аюуну атып не идти с пустыми руками
мамалагын ыйлаткан превратившись в человека
10 миң жаныбарды сделал сиротами
кийиктин пири Кайберен проклял "будь в скорби по потерянным детям"
адам болуп кубулуп исчезнет
кордук тартып рассказывается
ботосу өлгөн төөдөй застрелив лису
"боздоп жүрүп өт" деп каргап в шубе из шкуры косули
көздөн кайым болот до ночи
бадалдын түбүндө заставил лисят плакать
эликтин чаарчыгы живи в муках
куру барбайын покровитель горных козлов Кайберен
өз баласын детёныш косули
атып алыптыр как верблюд, потерявший верблюжонка
элик тончон своё дитя
"Карагул ботом" кошогу сочинил
жамактаган застрелил
комуздун муңдуу коштоосу 10 тысяч животных
айтылып жүрөт спозаранку
жетим калтырган заставил плакать волчонка
тагдыр скорбное причитание "верблюжонок мой, Карагул"



в)  “Карагул ботом” жомогун окугула


         Илгери-илгери Тумаш аттуу мергенчи жашаптыр. Ал жалгыз уулдуу болот. Уулунун атын Карагул коёт.

         Тумаш мергенчи таң аткандан түн киргенче тоо арасында мергенчилик кылчу экен. Ал бөрүнү атып, бөлтүрүгүн ыйлатып, түлкүнү атып, бачикилерин ыйлатып, аюну атып, мамалагын ыйлатчу экен.

         Ошентип, Тумаш 10 миң жаныбарды атат. Ошондо кийиктин пири Кайберен адам болуп кубулуп, Тумашты минтип каргайт:  

        - Жалгыз калып кордук тартып өт, ботосу өлгөн төөдөй боздоп жүрүп өт! – деп Кайберен көздөн кайым болуп,  жок болот.

         Тумаш мерген бадалдын түбүндө эликтин чаарчыгын көрүп, «Үйүмө куру барбайын» деп чаарчыкты атып алат. Сүйүнүп чуркап келип караса, ал өз баласын атып алган экен.

         Баласы элик тончон болчу, ошондуктан алыстан ага чаарчыктай көрүнгөн экен. Ошондо Тумаш мерген «Карагул ботом» деген кошокту жамактап ыйлаган дешет. Ал азыр да комуздун муңдуу коштоосу менен айтылып жүрөт. Нечен айбанаттарды жетим калтырган Тумаш мергендин тагдыры мына ушундай болгон экен

 

г) Кырааты менен жамактап үзүндүнү уктуруу

Элик деп айтып тийгиздим, ботом,

Элик тон кайдан кийгиздим, ботом?

Арты – алдымды карабай, ботом, 

Бадалдын түбү былк этсе, ботом,

Балалуу элик деп койдум, ботом,

Өз баламды жеп койдум, ботом.

Кулуну өлгөн бээдей бир, ботом,

Кууратып кеттиң Карагул, ботом,

Ботосу өлгөн ингендей,   ботом,

Боздотуп кеттиң, Карагул ,ботом – деп, боздоп ыйлаган дешет Тумаш мерген.  

 

д)  “Карагул ботом” жомогунан үзүндүнү көркѳм окугула.

Мазмунун өз сөзүңөр менен айтып бергиле

 

      Кийик болуп сен жаттың, ботом

      Мен кийик тон кайдан кийгиздим, ботом

      Чаарчык болуп сен жаттың, ботом,

      Мен чаарчык тон кайдан кийгиздим, ботом

      Кийик бир дедим, мен аттым ботом,

      Чаарчык экен деп, ойлодум , ботом.

      Чак түштө жалгызымдан айрылдым, ботом,

      Тилегим ташка кабылды, ботом. 

Адабий чыгармалардагы табият сырлары: Кошумча окуу-методикалык куралы. Түз. М.Субанова ж.б. «Таалим-Форум» КФ., 2014. 55-бет.

 

       е) Диалогду угуп, жомоктун мазмуну боюнча сүйлөшүүнү уланткыла

 

- Бүгүн биз сабакта Тумаш мергенчи жөнүндөгү жомок окудук.

- Жомок кызыктуу бекен?

- Абдан кызыктуу экен. Мергенчи өз уулун ѳзү атып алып, жалгыз калыптыр.

- А, Тумаш мерген жөнүндө мен чоң атамдан дайыма угам.

- Жомок «Карагул ботом» деп аталат.

- А «ботом» деген сөз эмнени билдирет?

- Бото төөнүн баласы. Атасы баласын «ботом» деп эркелетчү экен.

- Сени чоң атаң кантип эркелетет?

- «Кулунум» дейт.

- Мерген эмнеге баласын атып алат?

- Анткени Карагул дайыма чаарчыктын терисинен жасалган тон кийчү экен. Бир күнү ал атасын ээрчип, ага жетпей чарчап, бадалдын түбүндө уктап калат экен.

- А, эми түшүндүм.

- Атасы бадалдын түбүндөгү чаарчыкты көрүп, атып алса, ѳзүнүн баласы экен.

- Кандай өкүнүчтүү. Чаарчык бул эликпи?

- Жок, эликтин баласы. «Карагул ботом» жѳнүндѳ кѳркѳм тасма да көргөм

- Мен да көрөйүн дедим эле……



ж) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Тумаш мерген кайда мергенчилик кылчу экен?


2. Ал эмнелерди атып келчү экен?


3. Кийиктин пири ким экен?


4. Кайберен эмне үчүн Тумаш мергенди каргайт?


5. Эмне үчүн Тумаш мерген өз баласын атып алыптыр?




2 з) Сүрөттүү жомокту окугула, жомокко ат койгула  


Илгери-илгери 

         жашаптыр.

Ал жалгыз уулду болуптур,

 

 атын Карагул коёт.

таң аткандан түн киргенче

мергенчилик кылчу экен.

атып

ыйлатып,

атып,

ыйлатып,

 атып,

ыйлатчу экен.
Тумаш мерген бадалдын түбүндө көрүп,

«Үйүмө куру барбайын” деп –  атат.

Сүйүнүп чуркап келип караса,

ал атып алган экен.