Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, айтып бергиле      

                                                Айылда

  Алмаз жайкы каникулду ар дайым айылда таята, таенесиникинде өткөрөт. Айылдын турмушу Алмазга абдан жагат. Таята, таенеси таң заарынан турушат. Алар кечке үй тиричилиги менен алек. Бүгүн небереси Алмаз келди деп, таенеси боорсок бышырып, нан жапты. Ал эми таятасы талаада чөп чаап, үйдөгү неберелери уй саап, аны машинага каймак кылып тартышты. Алмаз сүттүн каймагы өзүнчө бөлүнүп жатканын таң калуу менен көпкѳ карап турду. 
     Таятасы талаадан келип, Алмазга  кайрылды: ээ уулум, сен жүгөрү чыгарганды билесиңби? – Жок билбейм. Жүгөрүнү эмнеге чыгарыш керек? Жүгөрүнү сотосунан (мардегинен) ажыратканда, сотосу самоор кайнатканга отун болот. Ал эми жүгөрүнүн  даны малга жем болот. Жанагы сен шаарыңан  сатып алып жеп жүргөн “Кукурузные хлопья” дейсиңерби, ошол ушул жүгөрүдөн жасалат. Эми түшүндүм, таята.


б) Сөздөрдү эки тилде окугула

турмуш-тиричилик быт 
таң заарынан спозаранку
үй-тиричилик домашний быт
боорсок бышырып жарит боорсоки
нан жабат печёт  хлеб
чөп чабат косит траву
уй саап подоив корову
каймак сметана
сүт молоко
таң калуу удивление
жүгөрү чыгаруу освобождать кукурузу от зерен
самоор кайнатуу кипятить  самовар
малга жем корм для скота


в) Алмаз менен таенесинин маегин уккула

 

- Таене, бул эмне? 
- Бул май курут.
- Эмнеден жасалат?
- Уйдун тартылбаган сүтүнөн жасалат.
- Кантип?
- Сүттү уютуп, айран кылабыз. Айранды баштыкка куйсак, суусу агып, сүзмө болот. Ошол сүзмөнү тоголоктоп, кургатып курут  жасайбыз. Майда куруттан курут жарма жасап ичсе болот. Курут жарма сасык тумоолоп калган кезде айыктырат. Гемоглобинди бат көтөрөт. Адамга күч – кубат берет. Курутту майдалап кымызга чалып ичсе, андан да жакшы. Зат алмашууну жөнгө салат. Иммунитетти көтөрөт. Жүрөк  жакшы иштейт. Илгери ушундай таза тамактарды ичип, сасык тумоо, бронхит болуп оорушкан эмес.

г) Сөздөрдү окугула, өздөштүрүп алгыла

 

курут

высушенные шарики из   отжатого сюзьма

май курут жирный курут 
тартылбаган сүттөн             из цельного молока
сүттү уютуп заквасив молоко
жарма жасаса болот можно сделать жарма
майда куруттан из мелкого курута
курут жарма жарма из курута

 



е) Диалогду толуктагыла

- Таене бул эмне?
- Бул .
- Эмнеден жасалат?
- Уйдун жасалат.
- Кантип?
- , айран кылабыз. Айрандан сүзмө, сүзмөдөн майда курут жасайбыз. ичсе болот. калган кезде айыктырат. Адамга берет. жөнгө салат. Илгери ушундай ичишип, сасык тумоо, бронхит болуп оорушкан эмес.

Колдонулуучу сөздөр: тартылбаган сүтүнөн, Зат алмашууну, таза тамактарды, май курут, Жарма жасап, Сүттү уютуп, Сасык тумоолоп, күч-кубат




д) Сөздөрдү туура которуп, сүйлөшүүдө колдонгула