Кыргызча   Русский


4. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, сүрөтүн тартып, сүрѳт боюнча ата-энеңерге айтып бергиле

                    

 Таш-Рабат


    Таш-Рабат кербен сарайы – Ат-Башы районунун Таш-Рабат капчыгайында, Ат-Башы айылынан 78 км. батышта, Бишкек-Торугарт жолунан 18 км. аралыкта, Улуу Жибек жолунан “Түрк жана Шаш жолу” деп аталган Торугарт нугунда жайгашкан.
    Таш-Рабат ири архитектуралык эстеликтердин бири. Ала-Тоо арасында сакталып калган тарыхый курулуш. 
    Ал имарат 4 бурчтуу болуп, өлчөмү 36х36 метр. Бет маңдайы чыгышты карайт. Анын эки бурчунда мунаралар жайгашкан. 
    Ал негизги эшиктен киргенде узун далисти көрөбүз. Оң жагында 2 эшик, сол жагында 3 эшик болуп, алар да бир нече бөлмөлөрдөн турат. 
    Борбордук чоң бөлмөсү 8 кырдуу тирөөчкө таянган кумпа менен жабылган. Кумпанын төрт тарабынан терезе чыгарылган. Анын бийиктиги 20 метрдей. Ал тик бурчтуу формасындагы 30-31 бөлмөдөн турат. 
     Кээ бир илимий булактарда 40-41 бөлмөдөн турат делип жүрөт.

(Ысмайыл Кадыров. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. – Б.,2011, 208-б)


 

 

б) Сѳз айкаштарын эки тилде билип алгыла

 

Торугарт нугунда на распутье Торугарта
архитектуралык эстелик архитектурный памятник 
тоо арасында сакталып калган сохранился среди гор
тарыхый курулуш историческое сооружение
чыгышты карайт сморит на восток
кумпа менен жабылган   покрытый куполом 

 



в) Сѳз айкаштарын туура которуп, эсиңерге сактагыла.







г) Таш-Рабат кербен сарайын географиялык  картадан тапкыла.
Тексттин мазмуну боюнча Таш-Рабаттын сүрѳтүн тартып, аңгелеп бергиле.

 

д) Кѳркѳм тасмадан Таш-Рабат Кербен сарайын кѳрүп, бири-бириңерге айтып бергиле. Кѳрсѳтүүдѳн кийин ой бѳлүшкүлѳ

 

 

е) Уламышты угуп, аңгемелеп бергиле

                                 Таш-Рабат уламышы
    Таш-Рабатты атасы менен уулу  курган дешет. Курулуш аяктап калган кезде, кумпага акыркы гана ташты коёрдо, алыстан кербен көрүнөт. Уулу ишин таштап коюп, ким келе жатканын карап көргөнү жөнөйт. Көрсө, кербен менен кошо ай чырайлуу сулуу кыз келе жаткан болот. Атасы болсо: “Адегенде, жумушту бүтүр, балам!” – дейт. Уулу укпастан кете берет да, кайра ошол бойдон кайрылып келбей калат. Таш-Рабат ошол бойдон бүгүнкү күнгө чейин жабуусу жок турат дешет.

(“Тил жана адабият” №19(093) 9-июнь, 2015-жыл)



ж) Уламыш боюнча текстти толуктагыла

1. Таш-Рабатты курган дешет.

2. Курулуш , кумпага акыркы ташты коёрдо,

3. Уулу ишин таштап коюп, ким келе жатканын

4. Атасы болсо: «адегенде ,, балам!» - дейт.

5. Уулу укпастан , кайра ошол бойдон

6. Кѳрсѳ, кербен менен кошо ай чырайлуу (лунноликая)

7. Таш-Рабат ошол бойдон , жабуусу жок турат дешет.

Колдонулуучу сөздөр: бүгүнкү күнгѳ чейин, кайрылып келбей калат, сулуу кыз келе жаткан болот, алыстан кербен кѳрүнѳт, карап кѳргѳнү жѳнѳйт, атасы менен уулу, жумушту бүтүр, аяктап калган кезде, кете берет да