Кыргызча   Русский


1. КӨРҮП, УГУП ТҮШҮНҮҮ


1. Көрүп, угуп түшүнүү

Видео тасма аркылуу Бишкек шаарына саякатка чыгуу


                        

                          Бишкек – борбор шаарым
 

   Бишкек шаары – Кыргыз Республикасынын борбору. Бишкек көп улуттун өкүлдөрү жашаган шаар. Мында 50дөн ашык улуттун  өкүлдөрү жашайт.
    Азыр Бишкек шаары – республикабыздагы эң чоң, өнөр жайлуу шаар. Бишкек кооз бак-дарактуу, жашыл шаар болуп эсептелет. Эл арасында ушул аймакта Бишкек баатырдын жашагандыгы тууралуу айтылат. Шаар Бишкек баатырдын атынан калгандыгы жөнүндө уламыш кездешет. Кийин шаардын аты  Пишпек деп айтылып калган.
   Шаар Пишпек, андан кийин 1926-жылы Фрунзе деп аталган. 1991-жылы өзүнүн тарыхый атын алып,  Бишкек аталды.
   Бишкектин башкы аянты – “Ала-Тоо” деп аталат. Ал жерде мамлекеттин белгиси болгон  тууну аскерлер кайтарып турушат. Борбордук аянттын жанында Ак үй, Улуттук тарых музейи жайгашкан. Шаардагы алгачкы кооз имараттын бири “Ала-Тоо” кинотеатры тарыхый эстелик катары дагы эле көрктүү болуп турат.
    Эркиндик саябаны – жаштардын сүйүктүү жайы. Ал жерде балдар үчүн да ойной турган аянтчалар курулган.
     Улуттук филармониянын астында Манас баатырдын жана анын акыл кеңешчиси Бакай атанын, Каныкей апанын айкелдери бар. Манасчылардын эстеликтери да ушул жерде.
  Борбор калаага Курманжан датканын, Токтогул Сатылгановдун, Алыкул Осмоновдун, Чыңгыз Айтматовдун, Бүбүсара Бейшеналиеванын жана  кыргыз элинин сыймыктуу инсандарынын эстеликтери орнотулган.
      Шаарыбызда көптөгөн маданий, соода борборлору иштейт.
   Бишкек – жаштардын шаары. Мындагы жогорку окуу жайларында миңдеген жаштар билим алышат. 90дон ашык мектеп бар.