Кыргызча   Русский


5. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окугула, аңгемелеп бергиле

Мүнүшкөр 

         Мүнүшкөр – алгыр куштарды (бүркүт, ителги, карчыга, кыргый, турумтай) таптаган, аларды аңдарга сала турган киши.

         Мүнүшкөрдүн эң барктуусу бүркүтчү болгон. Ал уядан алынган бала бүркүттү колго үйрөтөт. Колго үйрөтүлгөн бүркүт, биринчиден, ээсинин чакырыгына үйрөтүлөт. Чакырыкка келген сайын бүркүткө бир кесимден эт сугунтуу керек.

         Экинчиден, бүркүт узун жипке байланган түлкүнүн жерге сүйрөлгөн куйругун учуп барып  басып калууга көндүрүлөт. Баскан сайын эт сугунтууну унутпоо керек.

         Үчүнчүдөн, мүнүшкөрдүн шакирти саман шыкалып даярдалган түлкүнүн терисин узун жипке байлап, ат менен сүйрөтүп жөнөйт. Мүнүшкөр колунда конуп турган бүркүттүн томогосун алганда ал түлкүнү учуп барып  басып калат.

         Бөлтүрүк, түлкүнүн бачикиси, бөжөк сыяктуу аңдарды тирүүлөй чокутуп оозандырат. Бул бала бүркүттү оозандыруу деп аталат.

         Мүнүшкөр кармалган бүркүткө, адегенде, томого салып, аны кермеге кондурат, уйкусун алып, ач кармайт. Бир нече күндөн кийин бүркүт эпке келип, чакырганга келет.

б) Текст боюнча сөздөрдү өздөштүргүлө

мүнүшкөр человек, приручащий ловчих птиц
алгыр куш хваткая птица
бүркүтчү охотник с беркутом
бала бүркүт птенец беркута
ээсинин чакырыгы на зов хозяина
бир кесим эт кусок мяса
сугунтуу керек надо прикормить
түлкүнүн куйругу хвост лисицы
томого кийгизишет надевает намордник
мүнүшкөрдүн шакирти ученик
сүйрөтүп жөнөйт поволокут
бөлтүрүк волчонок
кермеге кондурат садят на верёвке
уйкусун алат не дают спать
ач кармайт держать в голоде
жем тартат дают корм
чакырганга келет откликается на зов
бачики лисёнок

 

в) Мүнүшкөрлүк кесипке үйрөнүүнүн төрт баскычы боюнча сүрөт тарткыла

 

г) Торчолордон кыргыз өнөрлөрүн тапкыла

м

у

с

т

а

ч

ы

л

ы

к

а

т

л

ө

р

м

ө

к

ч

ү

л

ү

к

н

ж

  с

а

й

м

а

ч

ы

л

ы

к

з

и

з

е

р

г

е

р

ч

и

л

и

к

у

м

ү

н

ү

ш

к

ө

р

л

ү

к

ы

м

е

р

г

е

н

ч

и

л

и

к

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



д) Сөздөрдү которуп, эсиңерге туткула