Кыргызча   Русский


7. ОЮН


а) «Сыйкырдуу сандар» оюну

Сыйкырдуу сандар кайсы майрамдарга таандык? 
 

1 21 9 1 23 5
31 23 5 8 1 21

 

б) «Котормочу» оюну



1. Чыңгыз Айтматовдун «Ар бир элдин тили – бүткүл адамзаттын үнү» деген сѳзүн которгула

   

Колдонулуучу сөздөр: каждого , всего , человечества , язык , голос , это , народа




2. Сѳз тизмектеринен сүйлѳм түзгүлѳ

.

Колдонулуучу сөздөр: Ар, үнү , бүткүл, бир, адамзаттын, тили, элдин




в) Байдылда Сарногоевдин «Эне тил» деген ырын кѳркѳм окуп, маанисин түшүнүп алгыла


Ким  барктаса ѳз энесин, ѳз тилин,

Барктай билет дүйнѳ элинин кѳп тилин.

Ар улуттун энеси улуу, тили улуу,

Өйдѳ, ылдый  деп айта албайбыз эч бирин.

 

Кто ценит мать родной язык,

Сумеет оценить и мировой язык.

Для каждого  народа  свой велик язык,

Не вправе мы судить, чем лучше тот или другой язык.

 

Байдылда  Сарнагоевдин «Эне тилин  жакшы бил» деген ырынан үзүндүнү эсиңерге туткула

Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбѳгѳн,

Элин сүйүп жарытпайт.

 

Салмагани Бектуруштун «Эне тили сабагында» ырын окуп, жылмайып койгула

Ээ, баяндооч, сүйлѳм деп,

Эне тилден тажадым.

Агай, качан ѳтѳбүз,

Ата тили сабагын?