Кыргызча   Русский


6. МУНУ БИЛҮҮ КЫЗЫКТУУ


Күлазыктын түрлөрүн билип алгыла

1. Эт  күлазыгы

2. Курут күлазыгы

3. Калама кошкон күлазык

4. Аралаш күлазык

5. Куурулган күлазык

6. Кошконмай  күлазыгы

7. Жемиш күлазыгы.

 

 

а) Ден соолукка пайдалуу күлазыктарды билип алгыла    

      

Жемиш күлазыгы
           (Провизия для дальней дороги с фруктами) 

    Мейиз, өрүк, жаңгакты балга кошуп, аралаштырып айнек идишке сакташат. Ачкарын бир чай кашык менен үч маал жесе, бир айдан кийин адамдын гемоглобини көтөрүлөт.

  Балдын курамында 60тан ашык микроэлементтер болот. Микроэлементтердин түрлөрү: натрий, магний, йод, фосфор жана башкалар. Балда “В”, “С” витаминдери көп. Бул канчалык көп убакытка сакталса, ошончолук глюкоза көбүрөөк болот.

 

 

Калама кошкон күлазык 

(Провизия для дальней дороги с тонкой   лепешкой)

     Этти бышырып, майдалайт. Ал эми каламаны (катырманы) төмөнкүдөй жол менен бышырып алат. Камырды кесмеге жууругандай жумшагыраак, боорсокко жууругандан катуураак кылып, туз салып жууруп коёт. Жарым сааттан кийин камырды жакшы ийлеп жука кылып жаят. Темир мешке кызарып бышкан жагын которуп бышырат. Калама суугандан кийин аны майда туурап, жаргылчакка тартып майдалашат. Анан этке кошуп чүпүрөк баштыкка салып сактап коёт.