Кыргызча   Русский


2. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а)  Диалогду уккула

- Саламатсыңбы?
- Саламатчылык.
- Мен жакындан бери улуттук даамдарга кызыгып жүрөм.
- Кайсы улуттук даамдарды жактырасың? 
- Бешбармак, палоо жагат. 
- Азаматсың, дагы кайсы даамдарды билесиң?
- Башка даамдарды билбейм.
- Анда мен сени эртең туулган күнүмө чакырам. Апам дасторконго улуттук тамак-аштарды даярдап жатат.
- Ай-ий, эң жакшы болбодубу!
- Ал жерде кыргыз даамдарынын дагы көптөгөн түрлөрү менен тааныша аласың
- Палоо да болобу?
- Албетте, болот!
- Мен палоону өзүбүз үйдө жасап жесек дейм, бирок кантип жасаларын билбейм.
- Мен эртең апамдан палоонун кантип жасалышын жаздырып берейин. 
- Рахмат, кош бол! 
- Көрүшкөнчө. 

 

б)  Диалогду ролдоштуруп окугула 

- Жакын жерде кафе барбы? 
- Ооба, Тыныстанов көчөсүндө “Кыргыз даамы” кафеси бар.
- Анда кайсы улуттук тамактарды даярдашат? 
- Анда, бешбармак, палоо, мантыны даамдуу даярдашат.
- Жүрү, анда ошол кафеге баралы.
- Саламатсыңарбы, кыздар?
- Саламатчылык, эже. 
- Эмне буйрутма кыласыздар?
- Мага бешбармак.
- А сагачы ?
- Мага палоо. 
- Суусундукка эмне аласыздар? 
- Бизге бир чайнек чай бересизби? 
- Тамак даяр болгончо, чай ичип олтуруңуздар.
- Рахмат.
- Сен кайсы тамакты кол менен жейсиң?
- Мен палоону кол менен жегенди жакшы көрөм, бирок палоо жасаганды билбейм.
- Анда, палоонун жасалышын  жазып албайсыңбы? 
- Рахмат, жазып алайын.



в) “Кыргыз даамы» кафесинде диалог боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Жакын жерде кафе барбы?


2. Анда кайсы улуттук тамактарды даярдашат?


3. Эмне буйрутма кыласыздар?


4. Суусундукка эмне аласыздар?


5. Сен кайсы тамакты кол менен жейсиң?




Билип алгыла


г) Палоо жасоонун рецебин билип алгыла

 

1 –этап 

Эки баш пиязды кууруйт

2 – этап 

Этти туурап,  кууруйт

3 – этап 

Сабизди тазалап кесип, кууруйт

4 – этап 

Күрүчтү жууп демдейт. Айва же сарымсак кошулат

Керектелүүчү  

азыктар:

2 баш пияз

1кг кой эти

1,5 кг күрүч

1 кгсабиз

2 даана айва

3 баш сарымсак