Кыргызча   Русский


5. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти уккула, аңгемелеп бергиле

Сүймөнкул Чокморов – белгилүү сүрөтчү

     Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган.
      1958-жылы Фрунзедеги көркөм-сүрөт окуу жайында окуган. Ал 1964-жылы И.С.Репин атындагы Ленинграддагы живопись, скульптура жана архитектура институтун бүтүргөн. 
    1964-1968-жылдары Фрунзедеги сүрөт окуу жайынын окутуучусу, кийин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 
      Сүймөнкул Чокморов чыгармачылык ишин сүрөтчүлүктөн баштайт. 
    Анын алгачкы сүрөттөрү: «Менин энем», «Менин уулум», «Сирень», «Майрам»,
«Кыргызстан кинематографисттери», «Айылдаштарым», «Уздар».
   Сүймөнкулдун живопись жагындагы тарткан портреттери «Эне», «Актриса», «Саякбай Каралаев», «А. Жанкорозова», «С. Жумадылов» жалпы көрүүчүлөргө кеңири белгилүү.

 

 

б) Текстти окуп, тапшырмаларды аткаргыла

Сүймөнкул Чокморов – таланттуу актер

       Сүймөнкул өтө кичи пейил, сабырдуу, эрктүү, ишке өжөр, таланттуу актер болгон. Ал талантынын көп кырдуулугу менен кыргыз искусствосунун казынасына бай үлүшүн  кошкон. 
  1968-жылы режиссер Б.Шамшиевдин «Караш-караш окуясы» кинотасмасында анын таланты ачык көрүнөт. Б.Шамшиев экрандаштырган «Караш-караш» окуясы кинотасмасында кедейлердин эзүүчү тап – бай-манаптар менен болгон күрөшү баяндалган. Тасмада тагдыры катаал миңдеген адамдардын элестери Бактыгулдун образы аркылуу көрсөтүлөт. Терең мазмундуу бул образды Сүймөнкул Чокморов чеберчилик менен аткарган.  Сүрөтчү С. Чокморов буга  чейин  кинодо  тартылып  көрбөгөндүгүнө карабастан, Бактыгулдун ролун такшалган, эң таланттуу актердун деңгээлинде ойногон.
   Кийин «Атайын комиссар» фильминин режиссеру А.Хамраев Сүймөнкулду кинотасманын башкы каарманы Н.Ходжаевдин ролун ойноого чакырат.
    Таланттуу актер «Жамийла», «Касиеттүү  Ысык-Көл» , «Жетинчи ок», «Дерсу Узала», «Улан» жана башка тасмаларда негизги ролдорду ойногон. 
    С.Чокморовго эркектин образын мыкты ойногондугу үчүн Алматыдагы, Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Бакудагы, Еревандагы Бүткүл союздук кинофестивалдарында 4 жолу 1-сыйлык ыйгарылган.
    Ага Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрѳтчүсү деген наамдар берилген.  Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. 
    С.Чокморов 1992-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын ысымы өзүнүн туулуп -өскөн айылында, Бишкек шаарындагы Көркөм-сүрөт окуу жайына жана борборубуздун көчөсүнө ыйгарылган. Улуттук валютабыз 5000 сомго анын сүрөтү түшүрүлгөн.

 

 

в) Сөз айкаштарынын маанисин билип алгыла

өтө кичи пейил очень вежливый
ишке өжөр усердный
талантынын көп кырдуулугу многогранность таланта
кыргыз искусствосунун казынасына в сокровищницу кырыгзского искусства
бай үлүш кошкон внёс значительный вклад
"Караш-караш окуясы" "Случай на перевале Караш"
эзүүчү тап - бай-манаптар эксплуататоров - бай-манапы
катаал тагдырдагы о тяжёлой судьбе
адамдардын элестери образы людей
терең мазмундуу глубоко содержательные
эркектин образын образ мужчины
мыкты түзгөндүгү үчүн за лучшее создание
көркөм-сүрөт окуу жайына художественное учебное заведение

 



г) Сѳз айкаштарды туура которуп, ѳз кебиңерде пайдалана билгиле.




д) Сөз тизмектери менен сүйлөм түзгүлө
1.

(туулган, Чоң-Таш, Аламүдүн,районунун, айылында, 1939-жылы, 9-ноябрда, Сүймѳнкул Чокморов)

.

Колдонулуучу сөздөр: туулган, Чоң-Таш айылында, Аламүдүн районунун, Сүймѳнкул Чокморов, 1939-жылы 9-ноябрда




2.

(окуу жайында, кѳркѳм, сүрѳт, окуган, Фрунзедеги, 1958-жылы)

.

Колдонулуучу сөздөр: Фрунзедеги , 1958-жылы, кѳркѳм-сүрѳт, окуган, окуу жайында




3.

(бүтүргѳн, 1964-жылы, И.С.Репин, живопись, жана архитектура, скульптура, ал, институтун, Ленинграддагы, атындагы )

.

Колдонулуучу сөздөр: Ал , Ленинграддагы живопись, скульптура жана архитектура, И.С.Репин атындагы, бүтүргѳн, 1964-жылы, институтун




4.

(окуу жайынын, кийин, болуп иштеген ,окуу бѳлүмүнүн, 1964-1968-жылдары, Фрунзедеги, сүрѳт, окутуучусу, башчысы )

, .

Колдонулуучу сөздөр: окуу бѳлүмүнүн башчысы, Фрунзедеги , 1964-1968-жылдары, сүрѳт окуу жайынын, болуп иштеген, окутуучусу, кийин




5.

(Сүймѳнкул Чокморов, сүрѳтчүлүктѳн, чыгармачылык, баштайт, ишин)

.

Колдонулуучу сөздөр: баштайт, ишин , чыгармачылык , сүрѳтчүлүктѳн , Сүймѳнкул Чокморов




6.

(белгилүү, анын, сүрѳттѳрү, алгачкы, кеңири, жалпы, кѳрүүчүлѳргѳ)

.

Колдонулуучу сөздөр: сүрѳттѳрү , Анын , кѳрүүчүлѳргѳ , кеңири , алгачкы , белгилүү, жалпы







е) Сүйлѳмгѳ керектүү кызматчы сѳздѳрдү койгула.

1. С.Чокморов талантынын кѳп кырдуулугу Кыргыз искусствосунун казынасына ѳзүнүн бай үлүшүн кошкон.
2. «Караш-караш» окуясы кино тасмасында кедейлердин эзүүчү тап – бай-манаптар болгон күрѳшү баяндалган.
3. Тасмада катаал тагдырдагы миңдеген адамдардын элестери Бактыгулдун образы кѳрсѳтүлѳт.
4. С.Чокморовго эркектин образын мыкты ойногондугу Бүткүл союздук кинофестивалдарында 4 жолу 1-сыйлык ыйгарылган.
5. Анын ысымы ѳзүнүн туулуп ѳскѳн айылында, Бишкек шаарындагы кѳркѳм-сүрѳт окуу жайына борборубуздун кѳчѳсүнѳ ыйгарылган.

Колдонулуучу сөздөр: үчүн, менен, аркылуу, менен, жана




з) Мааниси жагынан сүйлөмдөрдү бириктирип окугула







и) Диалогду ролдоштуруп окугула, мазмунун аңгемелеп бергиле

 - «Караш-караш окуясы» кимдин чыгармасынын негизинде тартылган?
- Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизинде.
- А, Мухтар Ауэзов кыргызбы?
- Жок, ал казак элинин белгилүү жазуучусу.
- Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча кайсы кино тасмаларды   билесиң?
 - «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Кызыл алма», «Ак  кеме». «Ак кеме» тасмасы Италияда өткөн дүйнөлүк киносынактын баш байгесине татыктуу болгон.
 - Сен Б. Шамшиевдин кайсы  кино тасмасын көрдүң?
 - «Ак кеме» тасмасын.
 - Тасма эмне жөнүндө экен?
 - Бала атасын издеп, ак кемеге сүзүп бара жаткан жеринен чөгүп кетет.
 - Кайгылуу экен, ал тасманы кайдан көрсөм болот? 
 - Жакында Кыргыз кинематографиясы «Кыргыз керемети» DVD коллекциясынын  долбоорун иштеп чыгышты. Ушул долбоор боюнча 10 кыргыз тасмасын көрө алабыз.
- Мен  анда «Ак кемени» сөзсүз көрөм.

 

 

й) «Ак кеме»  көркөм тасмасынан «Бугу-Эне» уламышы жөнүндөгү үзүндүнү орус тилинде көрсөтүү жана анын негизинде ой бөлүшүү. 
    
Тасманын аталышы: Ак кеме
Түрү: Кѳркѳм тасма
Классы: 6-класс
Мөөнөтү: 20 мүнөт 

 Кино тасманын каармандары: 
1.    Бала – Нургазы Сыдыгалиев
2.    Карыз апа – Сабира Күмүшалиева
3.    Момун – Асанкул Куттубаев
4.    Орозкул – Орозбек Кутманалиев
5.    Гүлжамал – Айтурган Темирова
6.    Бекей – Назира Мамбетова 

 

 

Баланын ушунчалык оор турмушка дуушар болушуна ким күнѳөлүү? 

1.    Таштап кеткен атасы
2.    Бага албай атасына берген энеси 
3.    Багып жүргѳн таятасы 
4.    Бугуну атып салаган Орозкул
5.    Баланын атасынан кабар ала албаган айдоочулар
6.    Эмне үчүн
Бала  Ак кемеге  сүзүп кетти?
7.    Кино тасмадагы үзүндү силерге кандай таасир калтырды?
8.    «Ак кеме» тасмасын толугу менен кѳргүң келеби? Эмне үчүн?

Жогорку ой толгоолорго макулсуңбу же каршысыңбы?
 Кимдин оюна кошула аласың? Эмне үчүн?



2. Тасма боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Балага Бугу-Эне жөнүндө баянды ким айтып берет?


2. Бала Бугу энеден эмне деп өтүнөт?


3. Бугу эне Баланын түшүндө:


4. Бугу энени ким атты?




к) Диалогду ролдоштуруп окугула. Сүрөтчүлөр жана актерлор жөнүндө сүйлөшкүлө


 

 - Саламатсыңбы, Гамал.
- Саламатчылык Айжан, ден соолугуң, иштериң жакшыбы?
- Жакшы рахмат, өзүң кайда иштеп жүрөсүң?
- Азыр Артканада сүрөтчү-дизайнермин. 
- Өнөрканаң түшүнүктүү, а Арткананы кандай түшүнсө болот?
- «Арт» деген сөз англис тилинен которгондо «искусство» дегенди билдирет. Арткананын максаты билим берүү менен искусствону бириктирүү, анткени, тарбиялоодо искусствонун мааниси чоң эмес пи.
- Арткана кайда жайгашкан?
- Бишкек шаарында.     
- Сүрөтчүлүк кесип абдан оор, бирок кызыктуу болуш керек.
- Албетте, бул кесип адамдын жан дүйнөсү менен байланыштуу.
- Ооба, чет өлкөнүн сүрөтчүлөрү менен жолугушуу, иштешүү сен үчүн ырахат болсо керек.
- Ырас айтасың, жакында Астанага «Эгемендүү Кыргызстандын искусствосу» аттуу  көргөзмөгө барып  келдим. Бул көргөзмөгө Кыргызстандын 70дей  жаш таланттары, 100дөн ашык чыгармаларын көргөзө алышты.
- Жаш сүрөтчүлөр көп болдубу?
- Албетте, Жанышбек Жунушев, Арыков Байдылда, Базарбаев Жумабек, Сейитбек Төрөбеков ж.б.
- Сүймөнкул Чокморовдун чыгармалары да болдубу?
- С.Чокморов актер эмеспи?
- Ал таланттуу актер дагы, белгилүү сүрөтчү дагы.
- Леонардо до Винчи  атактуу сүрөтчү гана болбостон, окумуштуу да эмеспи
- Ооба, ырас айтасың. Ал эми А.П.Чехов болсо, жазуучу да, врач да болгон.
- Мен да архитектор менен сүрөтчүлүк кесиптердин ээсимин.
- Мен дайыма таланттуу адамдар менен сыймыктанам. Гамал, силерге чыгармачылык ийгилик! Жолугушканга чейин саламатта калгыла!
- Саламатта бол.

 



л) Диалогду толуктагыла

- Саламатсыңбы, .
- Саламатчылык , ден соолугуң, иштериң жакшыбы?
- Жакшы рахмат, өзүң жүрөсүң?
- Азыр Артканада .
- Өнөрканаң түшүнүктүү, а Арткананы кандай түшүнсө болот?
- деген сөз англис тилинен которгондо «искусство» дегенди билдирет. Арткананын максаты билим берүү менен искусствону бириктирүү, анткени, тарбиялоодо мааниси чоң эмеспи.
- Арткана кайда ?
- Бишкек шаарында.
- Сүрөтчүлүк кесип абдан оор, бирок болуш керек.
- Албетте, бул кесип адамдын менен байланыштуу.
- Ооба, чет өлкөнүн менен жолугушуу, иштешүү сен үчүн ырахат болсо керек.
- Ырас айтасың, жакында «Эгемендүү Кыргызстандын искусствосу» аттуу көргөзмөгө барып келдим. Бул Кыргызстандын 70дей жаш таланттары, 100дөн ашык чыгармаларын көргөзө алышты.
- Жаш сүрөтчүлөр көп болдубу?
- Албетте, Жанышбек Жунушев, Арыков Байдылда, Базарбаев Жумабек, Сейитбек Төрөбеков ж.б.
- Сүймөнкул Чокморовдун чыгармалары да болдубу?
- С.Чокморов актер эмеспи?
- Ал таланттуу актер дагы, белгилүү дагы.
- Леонардо до Винчи атактуу сүрөтчү гана болбостон, окумуштуу да эмеспи?
- Ооба, ырас айтасың. Ал эми А.П.Чехов болсо, жазуучу да, врач да болгон.
- Мен да архитектор менен сүрөтчүлүк кесиптердин ээсимин.
- Мен дайыма таланттуу адамдар менен сыймыктанам. Гамал, силерге чыгармачылык ийгилик! Жолугушканга чейин саламатта калгыла!
- Саламатта бол.

Колдонулуучу сөздөр: кайда иштеп, сүрөтчү-дизайнермин, Астанага , «Арт», сүрөтчүлөрү , жайгашкан, жан дүйнөсү, Гамал, сүрөтчү , искусствонун , көргөзмөгө , кызыктуу , Айжан




Билип алгыла


 

•    Кыргызстанда киностудия 1939-жылы уюшулган. Азыр ал «Кыргыз фильм» киностудиясы деп аталат.
•    Мыкты кинорежиссерлор: Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Динара Асанова, Геннадий Базаров ж.б. 
   
•    Кыргыздардан биринчи болуп, эң көп эл аралык сыйлыктарды алган жана чет элдик академияларга мүчө болгон жазуучу – Чыңгыз Айтматов. ЮНЕСКОнун эсеби боюнча ал чыгармаларынын басылып чыгышы жана нускасы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт.
•    Китептеринин эң көп нускада чыгышы боюнча андан кийинки орун жазуучу Шүкүрбек Бейшаналиевге таандык
•    Эң көп китеп жазган акын – Муса Жангазиев. Ал 81 жашында 73 китептин автору болуптур.
 (Интернет булактарынан)