Кыргызча   Русский


6. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ


Тактооч

   Тактоочтор кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын кѳрсѳтүп, ар дайым этиш менен тизмектешип берилет.


    Тактоочтор кыймыл - аракеттин качан, кайда, кантип аткарылгандыгын кѳрсѳтѳт. Качан? Кайсы убакта? Кайда? Кайсы жерде? Кантип? Кандай? деген суроолорго жооп берет.

                                 (качан?)
Мисалы: Түшүм күзүндѳ жыйналат. (Осенью собирается урожай)

 

Тактоочтун маанисине карай бѳлүнүшү
 

Разряды наречий

Значения наречий

и вопросы

Примеры

1.Мезгил тактоочтор 

(наречия времени)

Наречия времени

обозначают время

действия и

отвечают

на вопросы: качан? (когда?) 
качантан бери (с какого времени?)
кайсы убакта? (в какое время?)

эртең – завтра 

бүгүн – сегодня

күндүз – днем 

жакында – недавно 

кечээ – вчера

бүрсүгүнү – послезавтра

мурда күнү – позавчера

2.Орун тактоочтор

(наречия места)

Наречия места

обозначают место

и направление действия и отвечают на

вопросы: кайда? (где?) 

кайдан? (откуда?)

кайсы жерде? (в каком месте?)

мында – здесь

анда – там

тѳмѳнтѳн – снизу

жакын – близко

жогортон – сверху

ары – туда

алыс – далеко



а) Берилген мезгил тактоочтордун антонимин тапкыла




б) Антоним сѳздѳр менен сүйлѳм түзгүлѳ


бүгүн – эртең


Мисалы: Биз бүгүн улуттук оюндар жѳнүндѳ эссе жаздык.

Эртең кызыктуу жазылган эсселерди талкуулайбыз.



в) Сүйлѳмдү мезгил тактоочтор менен толуктагыла.

1. «Ак чѳлмѳк» оюну ойнолот.

2. алыска ыргытылган ак чѳлмѳк агарып кѳрүнүп жатууга тийиш.

3. ак чѳлмѳктүн ордуна ак уйдун жүнүнѳн жасалган топту да колдонушкан.

4. анын ордуна эстафетанын кыска таякчаларын да колдонушат.

Колдонулуучу сөздөр: дайыма, түн ичинде, илгери , азыр





г) Берилген орун тактоочтун антонимин тапкыла





д) Таблицадагы антоним сөздөр менен сүйлөм түзгүлө

өйдө-төмөн

Мисалы: Бир чымчык бутакка конуп, өйдө-төмөн термелет.

 

е) Сѳздѳрдү ѳздѳштүрүп, текстти которгула

тоо чокусу

горная вершина

тоо этеги

подножие горы, склон горы

кыя жол

тропинка на искосок

кѳтѳрүлѳ берүү

подниматься

шаркырап аккан

бурный, бурлящий

ууртоо

хлебнуть, глотнуть

        

ж) Текстти окуп, орун тактоочторду тапкыла. Текстке ат койгула.

        Тоо чокусу жакын кѳрүнгѳнү менен, ал эң алыс болот. Ага жетүү үчүн, тоо этегиндеги токойду аралап, өйдөлөй бериш керек.
       Кыя жол улам ѳйдѳ кѳтѳрүлѳ берет. Жогору кѳтѳрүлгѳн сайын токой суюлуп, бийик жыгачтар анда аз учурайт. Алар тээ тѳмѳн, ылдый калат. Шаркырап аккан тоо суусунун боюнда ташка конгон чымчык алдын-артын каранып, суу ууртайт.

Которууга колдонулуучу тактоочтор: близко, очень далеко, вверх, там, вниз, вперед-назад.



з) Сүйлѳмдү орун тактоочтор менен толуктагыла


1. Тоо чокусу ….. кѳрүнгѳнү менен, ал эң ……болот


2. Ага жетүү үчүн, тоо этегиндеги токойду …. аралап, …… ѳтүү керек.


3. Кыя жол улам ….. кѳтѳрүлѳ берди.


4. …… кѳтѳрүлгѳн сайын токой суюлуп, бийик жыгачтар …… учурабайт.


5. Алар тээ ……, …… калат.




и) Сүйлѳмдү кайда? качан? деген суроого жооп берүүчү сѳздѳр менен толуктагыла.

1. Олимпиадалык оюндар байыркы Грециянын Олимп тоосунун ѳткѳрүлгѳн.

2. Мелдештерге спортчулар 10 ай бою даярданышкан.

3. Бул согуштар убактылуу токтотулган.

4. Жаңы олимпиадалык оюндар 1896-жылы ѳткѳрүлгѳн.

5. 1980-жылы олимпиадалык оюндар ѳткѳрүлдү.

6. Ал күндѳрү Олимпиаданын түбѳлүк оту күйдү.

Колдонулуучу сөздөр: этегинде , Афиныда, стадиондо, мезгилде, Москва шаарында