Кыргызча   Русский


5. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Уламышты угуп, бири-бириңерге айтып бергиле
                             

                      Жалал-Абад уламышы 


  Жалал-Абад курорту – Кыргызстандын таанымал курортторунун бири. Ал жерден чыккан минералдык суулар Аюб булак жана Кыз булак деп аталып, элге белгилүү болгон.
    Илгерки заманда Аюб пайгамбар жашаптыр. Ал ѳтѳ оорулуу болуп, денеси бүт бойдон жара болуп кеткен экен. Аюб пайгамбарга периштенин боору ооруп, бир күнү ага мындай дейт: 
- Сен турган жериңди оң бутуң менен теп.
Аюб пайгамбар жерди тепсе, ал жерден ысык суу чыгат. Ошол сууга Аюб пайгамбар жуунуп денесиндеги жараттардан айыгат. Андан кийин: 
- Эми сол бутуң менен теп, - дейт периште.
Сол буту менен жерди тепсе, жылуу суу чыгат. Ал суудан Аюб пайгамбар ичип бүт оорусунан айыгып кеткен экен. Ошондон улам Жалал-Абад курортунун бир булагы «Аюб булак» деп аталып калыптыр.
  Ошол курорттогу экинчи бир арашан суусу «Кыз Булак» аталып, бүгүнкү күнгѳ чейин эл оозунда жашап келет. Мындайча аталыштын себеби тѳмѳнкүдѳй: 
   Илгери ошол курорт орношкон жайда бир бай жашап, анын үч кызы болот. Мезгил өтүп байдын кыздары карый баштайт. Бирок бир кызы такыр карыбайт.  Мунун себебин байкаса, ал кыз дайыма ысык суусу бар бир булакка жуунуп жүргѳн экен. 
   Ошондон улам бул булак кийинчерээк «Кыз-Булак» аталып калган экен.

(«Эл таануу» Тексттер топтому/ түз. Б.Кадырбаева ж.б. – Б., 2007. 140-б) 
 



б) Уламыш боюнча суроого жооп бергиле.


1. Аюб пайгамбар кайда жашаптыр?


2. Ал кандай оорулар менен ооруган экен?


3. Бир күнү периште пайгамбарга эмне дейт?


4. Ал жерди тепсе, кандай суу чыккан экен?


5. Аюб пайгамбар кантип айыгып кеткен экен?




в) Билип алгыла


Жалал-Абад  курортунда кандай минералдык суулар бар?

   №14 минералдык суусу – ашказан ичеги ооруларына колдонулат.

   № 4 минералдык суусу – тамак сиңирүү органдарына, нерв   системасынын ооруларына жана бут, кол, бел ооруларын дарылоодо колдонулат.

  №27 минералдык суусун – дарылоодо жана ичүүчү  суу катарында күнүмдүк турмушубузда пайдаланып жүрөбүз.

 

Кыргызстанда чыккан башка минералдык суулардан Жалал-Абад минералдык суулары эмнеси менен айырмаланат?


     Башка минералдык суулардан  айырмаланып, Жалал-Абад  суусу  азоттуу келип, кремний  кислотасы кѳп  санда болот. Ошондуктан бул суулардын дарылык касиеттери  жогору.
      Жалал-Абад  жергесинде  Аюу-Булак, Кыз-Булак, Ак- Булак, Жаңы-Булак, Шор-Булак, Узун-Жылга ,Чаңырташ  деп аталган жети касиеттүү  булактар бар.