Кыргызча   Русский


5. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, оюн жѳнүндө билип алгыла

 Ак чөлмөк  

     «Ак чөлмөк» оюнун кыздар, уландар аралаш ойношот. Ал оюнду дайыма түнкү ай жарыкта ойношчу. Түн ичинде алыска ыргытылган ак чөлмөк агарып көрүнүп турууга тийиш, ошондуктан ак чөлмөк деп аталат. 
     Илгери ак чөлмөк кылып кар жиликти ыргытып ойношкон. Кээде кар жиликтин ордуна ак уйдун жүнүнөн жасалган топту колдонушкан. Азыр анын ордуна эстафетанын кыска таякчаларын да колдонушат. «Ак чөлмөк» оюну ойноочуларды кыймылга келтирип, тез чуркатат, адамдын айлакердигин, тапкычтыгын, күчүн чыңдайт.

 

б) Келгиле «Ак чөлмөк» оюнун ойнойлу

«Ак чөлмөк» оюнунун тартиби:

     Оюнга балдар – кыздардын саны бирдей болгон эки команда катышат. Ар бир командага ат коюлат. Оюн башталарда калыс адам балдарга ак чөлмөктү көрсөтүп,балдар тескери караганда, аны алыс ыргытат.
     - Издегиле! – деп буйрук берилет.
 Ак чөлмөктү тапкан балдар ѳз тобун атап, эч кимге жеткизбей качып, аны марага таштоого умтулат. Аны марага таштаган топ бир упайга ээ болот. Оюн улантылат.

 

в) Сөздөрдү жана сөз айкаштарын өздөштүрүп алгыла

Ак чөлмөк

Национальная игра, заключающаяся в забрасывании и отыскивании мяча - «ак чѳлмѳк» (часто берется белая кость) в ночное время (в лунные ночи).

Игроки делятся на две команды, судья далеко забрасывает «ак чѳлмѳк». Игрок нашедший «ак чѳлмѳк», выкрикивает название своей команды и бежит к финишу. Соперники стараются отобрать у него «ак чѳлмѳк».

түн ичинде ночью
колдонушкан использовали 
сөөк кость 
таякчалар палки 
кыймыл движение

 



г) Текст боюнча суроо-жооп:


1. «Ак чѳлмѳк» оюнун качан ойношот?


2. Эмне үчүн ак чѳлмѳк деп аталып калган?


3. «Ак чѳлмѳк» ат оюнубу?




д) Сөз тизмеги менен сүйлѳм түзгүлѳ. Шарттуу белгиге көңүл бургула.

1. , .

Колдонулуучу сөздөр: оюнун, «Ак чѳлмѳк», кыздар, ойношот, уландар




2.

Колдонулуучу сөздөр: «ак чѳлмѳк», агарып, туруш, керек., Түн, ичинде, кѳрүнүп




3.

Колдонулуучу сөздөр: ордуна, колдонушкан., топту, «Ак чѳлмѳктүн»




4.

.

Колдонулуучу сөздөр: Азыр, колдонушат, эстафетанын, таякчасын




5.

.

Колдонулуучу сөздөр: «Ак чѳлмѳк», пайдалуу, ден соолукка , оюну




е) Текст боюнча полилог түзгүлѳ, сүйлѳшкүлѳ


Асель: Алмаз, сен түн ичинде «Ак чөлмөк» оюнун ойнодуң беле?
Алмаз: Жок, ойноп көргөн эмесмин. Ак чөлмөктү Ысык-Көлгө барганда же лагерге барганда ойносо болот экен да.
Асель:    Эмнеге лагерге барганда?
Алмаз:  Анткени ойноочулар эки топко бөлүнүшү керек экен.
Катя:    Шаардан ак чөлмөк ойной турган шарт да жок,  ата-энең да түнкүсүн ойногонго уруксат бербейт. 
Аман:  Түнкүсүн дискотекага  деле барып жүрбөйсүңбү?
Асель:    Алмаз, сен түнкүсүн дискотекага барасыңбы?
Алмаз: Жок,  үйдөгүлөр жибербейт, али эрте дейт.
Асель:   Мени да жиберишпейт. Алмаз туура айтат, лагерден отряд-отряд болуп бөлүнүп, ойносок кызыктуу оюн окшойт.