Кыргызча   Русский


8. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ


Келер чактагы жөнөкөй жана татаал этиштер

Келер чактагы жөнөкөй этиштер

Келер чактагы татаал

этиштер

Кыргыз тилинде келер чактагы жөнөкөй этиштер, учур чактагыдай эле этишке чакчыл   -а (-е, -о, -ө), -й  жана жак мүчөлөрдүн улануусу менен жасалат.

Мисалы: 
Мен китеп окуйм.

(Я буду читать книгу)


Биз китеп окуйбуз.
(Мы будем читать книгу)

Келер чактагы татаал этиштер негизги этишке  -ганы мүчѳсү жалганып, жат, тур, отур, жүр деген жардамчы этиштердин жардамы менен жасалат.
 

 

Мисалы:
Мен китеп окуганы жатамын.

(Я собираюсь читать книгу)


Биз китеп окуганы жатабыз.
(Мы собираемся читать книгу)

 

Жөнөкөй  жана татаал этиштердин жакталышын билип алгыла
 

Жөнөкөй этиштер

Татаал этиштер

Мен ырдаймын.


Сен ырдайсың.


Сиз ырдайсыз.


Ал ырдайт.

Биз ырдаганы жатабыз.


Силер ырдаганы жатасыңар.


Сиздер ырдаганы жатасыздар.


Алар ырдаганы жатышат.

 



а) Жѳнѳкѳй этиштерди татаал этиштерге айландыргыла

иштеймин – иште.

эс аламын – эс ал.

угамын – уг.

сураймын – сура.

уктаймын – ук.

тазалаймын – тазала.

жеймин – же.

Колдонулуучу сөздөр: -уп калдым, -п жатам, -п койдум, -ганы келдим, -та-п калгам, -п бүттүм, -гени жатам




б) Кашаанын ичиндеги этиш сѳздѳрдү жѳнѳкѳй келер чак формасында жазгыла

1. Катя кыргызча жакшы

2. Алмаз англисче мыкты

3. Сен кечинде ?

4. Биз кечинде жаңылыктарды

5. Ал жекшемби күнү тоого

Колдонулуучу сөздөр: эс аласыңбы, сүйлѳйт, угабыз, сүйлѳйт, барат