Кыргызча   Русский


4. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ


Буйрук ыңгай

Экинчи жана үчүнчү жакка буйрук иретинде айтылган этиштер

буйрук этиштер деп аталат

Сен

оку+

-гын

Силер

оку+

-гыла

Сиз

-(ы)ңыз

Сиздер

-(ы)ңыздар

Ал

-сын

Алар

-(ыш)сын

Жекелик түрү                    Көптүк түрү
Сен оку (окугун)                 Силер окугула
Сиз окуңуз                          Сиздер окуңуздар
Ал окусун                            Алар окушсун

 

Көңүл бургула!

(к – г, п – б   үнсүздөрүнүн   жумшарышы)

Мисалы: ук + ыңыз = угуңуз,  жап + ыңыз = жабыңыз
 


а) Окугула 


Сен уккун                         Силер уккула
Сиз угуңуз                        Сиздер угуңуздар
Ал уксун                           Алар угушсун

 

 



б) Буйрук этиштерди тапкыла

Сен тамактан. Силер тамактан. Сиз тамактан. Сиздер тамактан. Ал тамактан. Алар тамактан.

Колдонулуучу сөздөр: -ышсын, -гын, -ыңыз, -сын, -ыңыз-дар, -гыла




в) Этиш сөздөргө керектүү мүчөлөрдү жазгыла.

Алмаз бул китепти ал. Китепти алып оку .

Балдар, доскага жаз .

Силер жаңы сөздөрдү жаз. Катя, ырды жатта .

Балдар ырды жатта . Алар жаңы сөздөрдү котор .

Сиздер бул текстти котор .

Колдонулуучу сөздөр: - гыла , - уңуздар , - гыла , - гын , - гыла , - сун , - ушсун , - сын




Грамматикалык түшүндүрмө


Этиштин терс формасы
 

Этиштин терс формасы  -ба – мүчөсү менен жасалат

Сен

эрин+бе

-гин

Силер

эрин+бе

-гиле

Сиз

-ңиз

Сиздер

-ңиздер

Ал

-син

Алар

-(ш)син

Сен эринбегин                                     Силер эринбегиле

Сиз эринбеңиз                                     Сиздер эринбеңиздер

Ал эринбесин                                      Алар  эринишпесин



г) Сөз айкашын которгула


1. Слушайте учителя.


2. Выучите новые слова


3. Не учи стихотворение


4. Переведите текст


5. Выполните задание


6. Не читайте объявление