Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, билип алгыла.

                   

                                   Сүрөт өнөрү

     Сүрөтчүлөр бир нерсенин сүрөтүн өзүнө опокшош кылып тартышат. Ал тургай, адамдын кайгырып же кубанып турган учурун да сүрөттөн билдире алышат.
     Сүрөттүн ар кандай түрү бар. Кыл калем жана боёктор менен кооздоп сүрөт тартууну живопись дешет. Живописчи тарткан сүрөт картина деп аталат. Картиналар музейге, сүрѳт көргөзмөлөрүнө, үйгө илинет. 
     Ал эми карандаш жана тушь менен тартылган сүрөт графика деп аталат.
     Графика гректин «графо» деген сөзүнөн келип чыккан. Ал «жазам», «тартам» деген маанини билдирет. Графика ыкмасы менен тартылган сүрөттөр турмушта көп кездешет. Мисалы, китептин, журналдардын сүрөттөрү графика ыкмасы менен тартылган.
     Таштан, чоподон жана башка материалдардан бир нерсени окшоштуруп жасоо айкел (скульптура) деп аталат. Скульптуралык композицияларды жасаган сүрөтчүнү айкелчи (скульптор) дешет. 

 

б) Сүрөт искусствосуна таандык лексикаларды эсиңерге туткула:

живопись, картина, графика, скульптор, айкел, пластика.