Кыргызча   Русский


9. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, билип алгыла   

                                             Арча


Жайында ысыкты сүйөт,
Кышында суукту сезбейт.
Кийгени жашыл жибек,
Жайы-кышы түк чечпейт
.

   Арча – жыттуу, пайдалуу тоодо өсүүчү дарак. Аны бадал өсүмдүгү десек да болот. Ал дайыма көк-жашыл болуп өсөт. Арча – өтө жай өсүүчү өсүмдүк. Анын бийиктиги элүү жылда бир жарым, эки метрге гана жетет. Аны адамдар абаны тазартуу жана дары жасоо үчүн да колдонушат. Арча 1000 жыл жашайт.
    Орто Азия элдеринин, өзгөчө кыргыздардын турмушу байыртадан бери эле арча менен тыгыз байланышкан. Балдар төрөлгөндө аларды арча бешикке жаткырышат. Алар чоңойгондо арчадан жасалган ээрге минишет. Кыргыздар арчадан жасалган комуз чертишет.
     Арчадан ацетон, уксус кислотасы жана башка заттар алынат. 
Ош областынын Ноокат районундагы «Кыргыз-Ата» арча токою дүйнөгө белгилүү. Аны көбөйтүү үчүн атайын питомниктер уюштурулган. Жаратылыш көркү болгон арчаны көбөйтүү жана сактоо – баарыбыздын милдетибиз. 

 



б) Текст боюнча суроолорду толуктагыла, аңгемелеп бергиле.

1. ѳсүмдүк?

2. ѳсѳт?

3. болуп ѳсѳт?

4 колдонушат?

5. жардам берет?

6. жашайт?

Колдонулуучу сөздөр: арча кайда, канча жылга чейин, дайыма эмнеге, арча эмнеге, кандай , арча кандай




в) Текстти келер чактагы этиш сѳздѳр менен толуктагыла.

Арча тоодо . Ал қыштыр – жайдыр кѳк жашыл болуп
Аны бадал десек да болот. Арча – өсүүчү өсүмдүк.
Анын бийиктиги бир жарым, эки метрге гана .
Аны адамдар абаны жана үчүн да колдонушат.
Арча жашайт. Балдар төрөлгөндө аларды жаткырышат.
Алар арчадан жасалган минишет.
Арчадан жасалган чертишет. Аны кѳбѳйтүү үчүн атайын питомниктер .

Колдонулуучу сөздөр: комуз, миң жыл, өтө жай, ѳсѳт, арча бешикке, өсүмдүгү, тазартуу, жетет, ээрге, ѳсүүчү дарак, дары жасоо, элүү жылда, уюштурулган, чоңойгондо




г) Жаңылмачты жаттап, тилиңерди жатыктыргыла.


Ак карлуу Ала-Тоодо аралча  бар,
Ал аралчада Ала-Арча бар.
Ала-Арча ичин араласаң,
Ала-Арча ичинде бала арча бар.



д) Табышмакты тапкыла.


Бою кыска болсо да,
Калпагы чоң калдайып.
Башкалардан өзгөчө,
Бир буту бар тарбайып.
Чириндиден азыктанып,
Жамгырда өсөт дардайып.