Кыргызча   Русский


6. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сөздөрдү эки тилде өздөштүргүлө

ырыс счастье
ынтымак согласие
илгери-илгери давным-давно
акылман мудрый
карыя старик 
ар кимиси каждый 
өз бетинче по-своему
чыбык прут
сынап көрөйүн испытаю
тобу менен в связке
сындыргыла сломайте 
күчүн сынады испытал силу 
бирден сындыргыла сломайте по одному
чарт-чурт сындырышты легко и быстро сломали
бирдиктүү болсоңор если будете едины 
эч ким тие албайт никто не посмеет тронуть
ырыс алды – ынтымак залог счастья в согласии

 

б) Жомокту окуп, аңгемелеп бергиле

                                            Ырыс алды – ынтымак


       Илгери-илгери бир акылман карыя болуптур. Анын тогуз уулу бар экен. Балдары атасы айткан акылды укпайт, ар кимиси өз бетинче жүрөт. 
      Карыя тогуз чыбыкты бириктирип байлады да, мындай деди: “Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына бул чыбыкты тобу менен сындыргылачы”. 
       Тогуз уулдун ар бири күчүн сынады. Чыбыкты эч кимиси сындыра алышпады. “Эми бирден сындырып көргүлө”, - деп карыя чыбыктын боосун чечип койду. Балдары чыбыкты ошол замат чарт-чурт сындырышты. 

       Карыя балдарына мындай деди: “Бооланган чыбыктай бирдиктүү болсоңор, силерге эч ким тие албайт”. Балдары атанын сөзүн аткарышты. “Ырыс алды – ынтымак”, - деген сөз ошондон калган экен.



в) Жомоктогу сөздөрдү колдонуп, текстти толуктагыла

“Ырыс алды – ынтымак”


бир карыя болуптур. Анын тогуз уулу бар экен. Балдары атасы айткан акылды укпайт, жүрөт.

Карыя тогуз бириктирип байлады да, мындай деди: “Кана балдарым, күчүңөрдү , мына бул чыбыкты ”.

Тогуз уулдун ар бири . Чыбыкты эч кимиси сындыра алышпады. “Эми көргүлө”, - деп карыя чыбыктын боосун чечип койду. Балдары чыбыкты ошол замат

Карыя балдарына мындай деди: “Боолонгон чыбыктай , ,силерге ”. Балдары атанын созүн аткарышты. “”, - деген сөз ошондон калган экен.

Колдонулуучу сөздөр: Илгери-илгери , эч ким тие албайт , чыбыкты , Ырыс алды – ынтымак , ар кимиси өз бетинче , күчүн сынады , бирден сындырып , сынап көрөйүн , бирдиктүү болсоңор , чарт-чурт сындырышты. , тобу менен сындыргылачы