Кыргызча   Русский


5. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Ырды көркөм окугула

      Бишкегим

    Кыялбек Урманбетов

Ала-Тоого кыргыз конгондо, 
Айланып сен жылдыз борборго.
Акжолтойлуу үйдөй ачылдың,
Арга барбы сүйбөй койгонго.

Бишкегим, Бишкегим - борборум сен, 
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин  түшкө кирсең, 
Бар болгун, бар болгун Бишкегим сен!

Көргөндөрдүн көзү күйгөн жер,
Көкөлөтүп көбү сүйгөн жер.
Келип сенден бакыт табышат,
Кең дүйнөгө батпай жүргөндөр.

Тагдыр күтүп достук шаарындай,

Жагыласың өмүр шамындай.
Жүрөгүмдүн оту барында,
Жүрө албаймын сени сагынбай
                                                   

б) Бишкек шаары жөнүндө ырды уктуруу


обону: Сардарбек Жумалиевдики
сөзү: Кыялбек Урманбетовдуку

         Бишкегим

Ала-Тоого кыргыз конгондо, 
Айланып сен жылдыз борборго.
Акжолтойлуу үйдөй ачылдың,
Арга барбы сүйбөй койгонго.

Кайырма
Бишкегим, Бишкегим - борборум сен, 
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин  түшкө кирсең, 
Бар болгун, бар болгун Бишкегим сен!

Көргөндөрдүн көзү күйгөн жер,
Көкөлөтүп көбү сүйгөн жер.
Келип сенден бакыт табышат,
Кең дүйнөгө батпай жүргөндөр.

Кайырма
Бишкегим, Бишкегим - борборум сен, 
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин  түшкө кирсең, 
Бар болгун, бар болгун Бишкегим сен!


Тагдыр күтүп достук шаарындай,
Жагыласың өмүр шамындай.
Жүрөгүмдүн оту барында,
Жүрө албаймын сени сагынбай

Кайырма
Бишкегим, Бишкегим - борборум сен, 
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсең, 
Бар болгун, бар болгун Бишкегим сен!



в) ыр саптарын толуктагыла

Бишкегим, Бишкегим - ,
орнодуң сен.
Бактылуу сеземин ,
Бар болгун, Бишкегим сен!

Колдонулуучу сөздөр: Бүтүндөй жүрөккө, бар болгун, борборум сен, түшкө кирсең




г) Ырды музыканын коштоосу менен ырдап көргүлө


д) Макалдарды окуп, маанисин түшүнүп алгыла

 

Жерин сүйбөс эл болбойт, элин сүйбөс эр болбойт.


Мекениңден айрылганча, жаныңдан айрылган артык.


Бирөөнүн жеринде султан болгончо, өз жериңде ултан бол.
 



е) Сөз айкаштарынын туура которуп, адашкан макалды тапкыла

, .

Не любящего Родину – нет народа
Не любящего народа – нет храбреца

Колдонулуучу сөздөр: эр болбойт, элин сүйбөс, эл болбойт, сүйбөс, Жерин