Кыргызча   Русский


8. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти угуп, физикалык кубулуштар жөнүндѳ билип алгыла.

Каныкейдин Манаска күмбөз салдырышы 

   Каныкей ар жерден келген усталарды  чогултуп, Манаска күмбөз тургузду. Алты атан комдотуп, Наманганды чалдырды, Күлбото топуракты кире менен алдырды.
   Аму менен Сыр дайрага жиберип, суусун туундуруп, топурагын алдырды. Ага жез менен темирдин өгөндүсүн кошуп жууруту. Аны колго жукпай калганга чейин ийлетти. Алты жүз эркеч сойдуруп, жүнүн ылайга кошту. Майына кыш бышыртып, айкөлүмдүн күмбөзү алты кылым турса дагы моюбасын, - деп салды.

( Ашым Жакыпбеков. «Теңирим Манас» - Б., «Кыргызстан», 1995-ж. 526- б.)

 

б) Сөз айкаштарын эки тилде үйрөнгүлө

күмбөз тургузду построила кумбез
усталарды чогултуп собрав мастеров 

Наманганды чалдырды

послали в Наманган 

(за глиной)

күлбото топуракты огнеупорная глина
кире менен алдырды заплатили за землю
суусун тундуруп процедив глину
жез менен темирдин ѳгѳндүсүнөн кошуп добавив порошка меди и железа 
колго жукпай калганча ийлетип месили до тех пор, пока не прилипали к рукам
600 эркеч сойдуруп зарезав  600 горных козлов
жүнүн ылайга кошуп в глину добавив шерсти козлов
майына кыш бышыртып в жир приготовив кирпич
алты кылым турса дагы хотя будут стоят 6 веков
моюбасын деп салды пусть не разрушится  


в) Сѳз айкаштарын туура которуп, текстти аңгемелеп бергиле.