Кыргызча   Русский


4. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ


 Учур чактагы жөнөкөй жана татаал этиштер

 

 Жөнөкөй этиш 
(Эмне кылат?)
Татаал этиш 
(Эмне кылып жатат?)

Учур чакта жөнөкөй этиштерге чакчыл  -а(-е,-о,-ө)-й мүчөлөрү, андан кийин жак мүчөлөрү жалганат. Өзүнөн мурда келген зат атооч жатыш жөндөмөсүндө турат.

Учур чактагы татаал этиштер чакчыл –ып(-ип,-уп,-үп), -а( -е,-о,-ө) мүчөлөрү жалганган негизги этиштен жана жат, жүр, тур, отур деген жардамчы этиштерден жасалат. 

М: Мен класста отурам. Мен шаарда жүрөм. Иним 6-класста окуйт. М: Мен класста жазып отурам. Мен шаарда эс алып жүрөм. Иним 6- класста окуп жатат.

  



а) Сүйлѳмдѳ берилген жѳнѳкѳй жана татаал этиштерди аныктагыла


1. Айт күнү мечитте куран окушат.


2. Айт күнү мечитте куран окуп жатышат


3. Адамдар күнѳѳлѳрүнѳн арылуу үчүн садага беришет.


4. Адамдар күнѳѳлѳрүнѳн арылуу үчүн садага берип жатышат.




б) Сүйлѳмдѳрдү жѳнѳкѳй этиштер менен толуктагыла


5. Курман айтта ………………..


6. Орозо айтта жарамазан …………




в) Сүйлѳмдѳрдү татаал этиштер менен толуктагыла.


7. «Аккула» майданында ат чабыш…………………..


8. «Кыз куумай» оюнун ……………………….


9. «Кыз куумай» оюну Кавказда, Арменияда…………….




б) Диалогду ролдоштуруп окугула, майрамдарды билип алгыла


 - Майрамдар кайсы мезгилде майрамдалат?
 - Менимче, жазында жана күзүндө.
 - Жазында Нооруз майрамы, 8-Март аялдардын майрамы болот. Дагы кайсы майрамдар бар?
 -  5-март – Ак калпак күнү, 9-май – Жеңиш күнү, жайлоо, үлүш майрамдары бар.
- Күзүндөчү?
- Күзүндө күз майрамы – Чечкор, 1-сентябрь – Билим күнү, 1-октябрь мугалимдер күнүн белгилешет.
 - Сен дагы бир майрамды айтпай кеттиң?
 - Кайсы майрамды?
 - 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүчү?
 - Туура айтасың, биз мамлекеттик тил күнүнө карата ар дайым дубал гезит чыгарабыз, кыргыз тилинде ырдайбыз.
 - А силерчи?

- Биз Кыргыз тил гимнин ырдайбыз, дил баян жазабыз, конкурстарды уюштурабыз.

 

в) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил гимнин уктуруу

 

Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик  тил  гимни
               

Сөзү: Сейит  Алтымышовдуку

Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку


Тил жаралып көкө теңир таңынан, 
Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган. 
Адам деген түп сөзүнөн элимдин, 
Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган. 

Мекен  тили Ата журттун  кареги,
Биримдиги, күч-күбаты, тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөктө  согуп  турган  жүрөгү.
 
Кайырма: Кыргыз тили – жүрөгүм,
                  Манас  ата туу туткан.
                  Кыргыз  тили – Мекеним
                  Менин өлкөм Кыргызстан!

Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили кан-жаныбыз, туубуз,
Ата журттун  келечеги, ак таңы.

Кайырма: Кыргыз тили – жүрөгүм,
                  Манас  ата туу туткан.
                  Кыргыз  тили – Мекеним
                  Менин өлкөм Кыргызстан!