Кыргызча   Русский


1. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Кыргыз жергебиздеги кереметтүү жерлерди билип алалы:

 

  • Бурана мунарасы
  • Таш-Рабат  кербен сарайы
  • Ысык-Көл - жердин кареги
  • Сулайман тоосу
  • Манас күмбөзү
  • Арсланбап  жаңгак токою
  • Жалал-Абад жана Жети-Өгүз курорттору ж.б.

 

б) Кыргызстандын кереметүү жерлери
    

 


в) Сүрөт боюнча кереметтүү жерлерди атап бергиле

     

 

г) Диалогду угуп, ой бөлүшкүлө


- Бурана мунарасы  5 маал намазга жыгылыш үчүн тургузулган дешет, ошондойбу?
- Уламышта ар кандай айтылып жүрөт.
- Айтып берсеңиз, чоң апа. 
- Илгери Арслан хандын ай десе айдай, күн десе күндөй жалгыз кызы болгон экен. Ашкан сулууга куда түшүүчүлөр көбөйөт. 
- Ии, чоң апа, анан ... .
- Хан бийик мунара тургузуп, кызын эч кимге көргөзбөй ошол жерде багат.
- Хандын кызы дайыма ошол мунарада жашаган бекен? 
- Жок, бир күнү кыз бүлдүркөн жегиси келет. Хан жигиттерине бүлдүркөн терип келүүсүн буюрат. Ошентип, хандын кызы бүлдүркөндөгү кара курттун уусунан өлгөн дешет.
- Жаман болгон экен ээ, чоң апа. Баса, мен кечээ жаңылыктардан кара курт жөнүндө укпадымбы.
- Ии, алар кайда жүрүптүр?
- Шаардын четиндеги үйлөрдө, “Дордой” базары жакта. Кара курт көп кишилерди чагып алып, алар азыр ооруканаларда дарыланып жатышат дейт. 
- Мына кырсык, балам. 
- Сак болуш керек экен да.