1. УГУП ТҮШҮНҮҮ
а) Текстти угуп, аңгемелеп бергиле
11-декабрь – Бүткүл дүйнѳлүк тоолор күнү
Кыргыз жергебиздин кѳпчүлүк бѳлүгүн чыгыштан батышка карай созулган бийик кырка тоолор ээлейт. Алардын ичинен эң узуну Какшаал тоосу. Анын узундугу 582 км. Эң кыскасы Бабаш-Ата тоосу. Ал эми эң бийик тоолорго Сары-Жаз, Акшыйрак, Талас, Чаткал тоолору кирет.
Тоо арасындагы ойдуңдарга жана ѳрѳѳндѳрдѳ тоо ѳсүмдүктѳрү: арча, карагай, бѳрү карагат, чычырканактар ѳсѳт. Ал эми марал, аркар, сүлѳѳсүн, илбирс жана күрѳң аюу бийик тоолуу Арпа, Ак-Сай, Суусамыр ѳрѳѳндѳрүн мекендейт.
Ошондой эле Ала-Тоону мекендеген тоо канаттууларына ак куйрук, тоо чыйпылдагы, тоо чабалекейлери кирет. Тоо гүлдѳрүнѳ болсо мамыр гүлү, сыя гүл, байчечекей, кызгалдак жана Айгүл-Таш тоосунда ѳсүүчү Айгүл гүлдѳрү кирет.
Орус элинин акыны Е.Евтушенко өзүнүн ырында:
«Сактагын сүйүп жерди, сүйүп сууну,
Ал эмес, кѳзгѳ илинбес жандыктарын.
Өлтүрүп жан дүйнѳнүн жырткычтыгын,
Коргогун жаратылыш жырткычтарын», - деп жазгандай, биз кыргыз тоолору – Ала-Тообуздун жаратылышын сактап, тоо арасындагы жандыктарга кам кѳрүшүбүз керек.
б) Сѳздөрдү жана сѳз айкаштарын ѳздѳштүрүп алгыла
жаратылышты коргоо | беречь природу |
|
тоолор күнү | день гор |
|
кырка тоолор | протянувшиеся горы |
|
ойдуңдар, ѳрөѳндѳр | впадины, долины |
|
карагай | ели |
|
бѳрү карагат | барбарис |
|
чычырканак | облепиха |
|
аркар | горный козел |
|
сүлѳѳсүн | рысь |
|
илбирс | барс |
|
улар | гималайский улар |
|
ак куйрук кѳгүчкѳн | скалистый голубь |
|
тоо чыйпылдагы | горная овсянка |
|
тоо чабалакейи | горная ласточка |
|
мамыр | эдельвейс |
|
байчечекей | подснежник |
|
кызгалдактар | маки |
|
кам кѳрүү | проявить заботу |
|