1. УГУП ТҮШҮНҮҮ
а) Кыргыз жергебиздеги кереметтүү жерлерди билип алалы:
- Бурана мунарасы
- Таш-Рабат кербен сарайы
- Ысык-Көл - жердин кареги
- Сулайман тоосу
- Манас күмбөзү
- Арсланбап жаңгак токою
- Жалал-Абад жана Жети-Өгүз курорттору ж.б.
б) Кыргызстандын кереметүү жерлери
в) Сүрөт боюнча кереметтүү жерлерди атап бергиле
г) Диалогду угуп, ой бөлүшкүлө
- Бурана мунарасы 5 маал намазга жыгылыш үчүн тургузулган дешет, ошондойбу?
- Уламышта ар кандай айтылып жүрөт.
- Айтып берсеңиз, чоң апа.
- Илгери Арслан хандын ай десе айдай, күн десе күндөй жалгыз кызы болгон экен. Ашкан сулууга куда түшүүчүлөр көбөйөт.
- Ии, чоң апа, анан ... .
- Хан бийик мунара тургузуп, кызын эч кимге көргөзбөй ошол жерде багат.
- Хандын кызы дайыма ошол мунарада жашаган бекен?
- Жок, бир күнү кыз бүлдүркөн жегиси келет. Хан жигиттерине бүлдүркөн терип келүүсүн буюрат. Ошентип, хандын кызы бүлдүркөндөгү кара курттун уусунан өлгөн дешет.
- Жаман болгон экен ээ, чоң апа. Баса, мен кечээ жаңылыктардан кара курт жөнүндө укпадымбы.
- Ии, алар кайда жүрүптүр?
- Шаардын четиндеги үйлөрдө, “Дордой” базары жакта. Кара курт көп кишилерди чагып алып, алар азыр ооруканаларда дарыланып жатышат дейт.
- Мына кырсык, балам.
- Сак болуш керек экен да.