4. УГУП ТҮШҮНҮҮ
а) Кыдыр акенин диалогун уккула
Мергенчилик деген жеке эле мылтыкты таамай атуу эмес, балам. Сен бир нерсени байкабай жатасың? Шумкар менен ителги уялаган жерди көрдүң беле?
- Көрбөй анан, кантип көрбѳйүн – деген Кудагелди шаңдуу үн чыгарды.
- Көрсө, ошол жерге дагы кайсы куштар уя салышат?
- Көгүчкөн, таан сыяктуу бардык эле куштар
- Мына, көрдүңбү, шумкар менен ителги уя салган жерге жырткыч куштар келбейт деп жѳнѳкѳй куштар дагы уя салып катарлаш конушат.
(Адабият чыгармалардагы табият сырлары: Кошумча окуу-методикалык куралы /
Түз. М.Субанова ж.б. «Таалим-Форум», КФ., 2014. 61-бет)
б) Диалог боюнча сөздөрдү билип алгыла
мылтык | ружьё |
таамай атуу | меткая стрельба |
шумкар | кречет (сокол) |
уялаган жер | место, где гнездятся |
шаңдуу үн | весёлый голос |
таан | ворона |
жырткыч куштар | хищные птицы |
көгүчкөн | голубь |
в) Ылакаптардын маанисин түшүнүп алгыла
Бүркүт карыса, чычканчыл болот.
Беркут состарившись становится мышеловом
Шодокондун бүркүтүндөй жутунба.
Не жадничай чрезмерно
По преданию беркут Шодокона держал в левой лапе одну лисицу, в правой – другую, в клюве – третью, а глазами зарился на пробегавшую мимо четвертую.
(Кыргызча-орусча сөздүк, К.К.Юдахин, «СЭ» басмасы, – Москва, – 1965.168-бет)