6. ОКУП ТҮШҮНҮҮ
а) Диалогду ролдоштуруп окугула
Мугалим: Саламатсыңарбы, балдар!
Окуучулар: Саламатчылык, эжей!
- Балдар, бүгүн кайсы майрам?
- Мамлекеттик тил күнү.
- Кыргыз тили качан мамлекеттик тил болуп кабыл алынган?
- 1989-жылдын 23-сентябрында.
- Азаматсыңар!
- Балдар, Кыргыз ССРинин Конституциясына ылайык 1989-жылы 23- сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жѳнүндѳ мыйзам» кабыл алынган. Азыр кыргыз тили – эгемендүү Кыргызстандын улуттук тили. Ал эми орус тили улуттар аралык байланышуу тили болуп белгиленген.
- Келгиле, тил жѳнүндѳ макал-лакаптарды, табышмактарды айтып, ырларды ырдайлы.
- Баштагыла:
- «Тил – акылдын күзгүсү»
- Тил билсең, дил билесиң.
- Тил – ойдун булагы.
- Ой – океан, тил – булак.
- Ой – сѳздүн сандыгы.
- Эне тил – улут сыймыгы.
- Азаматсыңар!
а) Сөз айкаштарынын туура котормолорун таап, эсиңерге туткула
| Мамлекеттик тил | Государственный язык |
|
| тил жөнүндө мыйзам | закон о языке |
|
| эгемендүү Кыргызстандын | суверенного Кыргызстана |
|
| улуттук тили | национальный язык |
|
| улуттар аралык | межнациональный |
|
| байланыштуу тили | язык межнационального общения |
|
| тил билсең | если знаешь язык |
|
| дил билесиң | познаешь душу |
|
| акылдын күзгүсү | зеркало души |
|
| ойдун булагы | родник мысли |
|
| ой –океан | мысль – океан |
|
| тил – булак | язык – родник |
|
| улут сыймыгы | гордость нации |
|
| сөздүн сандыгы | сокровищница |
|
б) Сѳз айкаштарын которуп, эсиңерге туткула.

в) Макал-лакаптарды толуктагыла.
Тил билсең…………. билесиң

Тил –ойдун …………

Тил – акылдын …………

……………. тил булак

……………. улут сыймыгы



Тил билсең…………. билесиң


Тил –ойдун …………


Тил – акылдын …………


……………. тил булак


……………. улут сыймыгы

