7. УГУП ТҮШҮНҮҮ
а) Таята менен неберенин маегин уккула
| - Таята, жомок айтып бересиңби? |
|
| - Айтса, айтып берейин, кызым. |
|
| - Илгери бир карыя жашаптыр. |
|
| - Балдары жок бекен? |
|
| - Жок, 9 баласы болуптур. |
|
| - Ананчы, таята. |
|
| - Балдары атасынын айтканын угушчу эмес экен. Бир күнү карыя: “Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, бул 9 чыбыкты тобу менен сындыргыла”, - дейт. |
|
| - Чыбыкты кимиси сындырыптыр? |
|
| - Эч кимиси сындыра албаптыр. “Эми чыбыкты бирден сындырып көргүлө”, - дептир. |
|
| - Сындыра алыштыбы? |
|
| - Албетте, балдары чыбыкты бирден ошол замат сындырышыптыр. Ошондо карыя: “Бооланган чыбыктай бирдиктүү болсоңор, силерге эч ким тие албайт”, - дептир. |
|
| - Балдар атасынын сөзүн угушуптурбу? |
|
| - Ооба, алар атасын угуп, бири-бири менен ынтымактуу жашап калыптыр. Ырыс алды – ынтымак, деген сөз мына ошондон калган экен, кызым. |
|