Илгери-илгери бир акылман карыя болуптур. Анын тогуз уулу бар экен. Балдары атасы айткан акылды укпайт, ар кимиси өз бетинче жүрөт.
Карыя тогуз чыбыкты бириктирип байлады да, мындай деди: “Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына бул чыбыкты тобу менен сындыргылачы”.
Тогуз уулдун ар бири күчүн сынады. Чыбыкты эч кимиси сындыра алышпады. “Эми бирден сындырып көргүлө”, - деп карыя чыбыктын боосун чечип койду. Балдары чыбыкты ошол замат чарт-чурт сындырышты. Карыя балдарына мындай деди: “Бооланган чыбыктай бирдиктүү болсоңор, силерге эч ким тие албайт”. Балдары атанын сөзүн аткарышты. “Ырыс алды – ынтымак”, - деген сөз ошондон калган экен.
в) Жомоктогу сөздөрдү колдонуп, текстти толуктагыла
“Ырыс алды – ынтымак”
бир карыя болуптур. Анын тогуз уулу бар экен. Балдары атасы айткан акылды укпайт, жүрөт.
Карыя тогуз бириктирип байлады да, мындай деди: “Кана балдарым, күчүңөрдү , мына бул чыбыкты ”.
Тогуз уулдун ар бири . Чыбыкты эч кимиси сындыра алышпады. “Эми көргүлө”, - деп карыя чыбыктын боосун чечип койду. Балдары чыбыкты ошол замат
Карыя балдарына мындай деди: “Боолонгон чыбыктай , ,силерге ”. Балдары атанын созүн аткарышты. “”, - деген сөз ошондон калган экен.
Колдонулуучу сөздөр: ар кимиси өз бетинче , күчүн сынады , чыбыкты , эч ким тие албайт , Ырыс алды – ынтымак , тобу менен сындыргылачы , сынап көрөйүн , бирдиктүү болсоңор , чарт-чурт сындырышты. , бирден сындырып , Илгери-илгери