Кыргызча   Русский


3.УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти угуп, ким интернет кызматтарын пайдаланары жѳнүндѳ ой бѳлүшкүлѳ

 

«Google» сайты

  «Google» сайты интернетке байланыштуу кызматтарды: интернеттен маалыматтарды издөө, аларды табуу жана жарнаманы камсыз кылган америкалык эл аралык компания. Бул компания Ларри Пейж жана Сергей Брин тарабынан түзүлгѳн. Компаниянын максаты – дүйнө жүзүндөгү маалыматтарды жалпыга жеткиликтүү жана пайдалуу кылып уюштуруу.

  Ал интернетте колдоно турган электрондук кат, кеңсе программаларынын топтомдорун жана социалдык желелер кызматтарын  колдонууну сунуштайт. Ал ноутбуктар үчүн да иштөө системасын түзгѳн.

  «Google» сайты дүйнөнүн тѳрт бурчунда жайгашкан «серверлерди» иштетет. Ошондой эле күн сайын колдонуучулардын издөө талаптарын тейлейт. «Google» сайтынын дареги – желе конушу. Желе конушу аркылуу силер каалаган, өзүңөргө керектүү маалыматтарды ала аласыңар.



 

б) Сѳз айкаштарын билип, үйрөнүп алгыла

«Гугл» сайты – сайт «Гугл»
«Гугл» сайтынын дареги (желе конушу) – адрес сайта «Гугл» (сетевой адрес)
интернетке байланыштуу – связанное с интернетом
маалыматтарды издөө – поиск информации
аларды табуу – находить их
жарнаманы камсыздоо – обеспечение рекламой
компаниянын максаты – цель компании
дүйнө жүзүндөгү маалыматтарды – информацию со всего мира
жеткиликтүү уюштуруу – доступно организовать
кеңсе программалары – офисные программы
желелер кызматтары – сетевые службы
серверлерди иштетет – обеспечивает работу серверов
издөө талаптарын тейлейт – обслуживает поисковые запросы


 

 

в) Сөз айкаштарынын туура котормосун тапкыла, сүйлөшүүдө колдонгула 

интернетке байланыштуу – доступно организовать

маалыматтарды издөө – находить их

аларды табуу – обеспечение рекламой

жарнаманы камсыздоо – поиск информации

компаниянын максаты – офисные программы

дүйнө жүзүндөгү маалыматтарды – информацию со всего мира

жеткиликтүү уюштуруу – сетевые службы

кеңсе программалары – обеспечивает работу серверов

желелер кызматтары – связанное с интернетом

серверлерди иштетет – обслуживает поисковые запросы

издөө талаптарын тейлейт – цель компании
 



г) Сүйлөмдөрдү толуктагыла

1. «Гугл» сайтынын дареги
2. «Гугл» сайты интернетке байланыштуу
3. Ал интернеттеги маалыматтарды
4. Мындан сырткары жарнамаларды
5. Компаниянын максаты
6. Компания интернеттеги электрондук каттарды
7. Сайт серверлерди
8. Мен «Классташтар» сайты аркылуу

Колдонулуучу сөздөр: жарнаманы камсыздайт, желе конушу, пайдаланууну сунуштайт, иштетет, кызматтарды аткарат, досторум менен кат жазышам, маалыматтарды жеткирүү, издеп табат