Кыргызча   Русский


10. ТЕКСТ "БЕЛГИЛҮҮ БОКСЁР"


а) Текстти окугула, сыймыктана жүргүлө

Белгилүү боксер

    Орзубек Пулетович Назаров – Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Ал бокс боюнча дүйнөлүк чемпионаттын 7 жолку чемпиону, Жапониянын 5 жолку чемпиону. Ошондой эле Азия менен Окениянын 6 жолку чемпиону. Орзубек Назаров профессионалдык рингде 27 таймашка катышып, 26 жолу жеңишке ээ болгон.

  Ал спорттогу жетишкендиктери үчүн 1997-жылы Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы менен сыйланган. Биз белгилүү боксер Орзубек Назаров менен сыймыктанабыз.


 

б) Үлгүгө карап, текст боюнча диалог түзгүлө

- Кыргызстандын белгилүү боксеру ким?

- Кыргызстандын белгилүү боксеру Орзубек Назаров.

- Ал бокс боюнча дүйнөлүк чемпионаттын канча жолку чемпиону?

- 7 жолку чемпиону

-..................................

-..................................

-..................................


 

в) Ырды жаттагыла

          Бокс

Бокс деген оюнду,

Кѳрүп эле жүрѳбүз.

Мурунга катуу муштаса,

Жыгылаарын билебиз.

 

Мээлеп урса чекеге,

Башың түшѳт шылк эте.

Таамай урса ээкке,

Жыгыласың күп эте.

                                  Сайнидин Ишенов


 

г) Диалогду ролдоштуруп окугула, уланткыла

- Катя, сага спорттун кайсы түрү жагат?

- Мага «Оодарыш» оюну жагат.

- Сен аттан коркпойсуңбу?

- Жок, мен «ат спорту» боюнча ийримге катышчумун.

- Аа, анда түшүнүктүү.

- Алмаз, сагачы?

- Магабы, мага футбол жагат. Мектептер аралык мелдеште 1-орунду алдым.

- Азаматсың!

- Машыгуулар кайда өткөрүлөт?

- Кээде залда, таза абада, кээде тоо этегинде.

- Таза абада ойноо жыргал да.

- Жыргал эмей.

- Кыргызстандын футбол командасы барбы?

- Албетте, «Дордой” футбол командасы бар да.

- Алмаз, дүйнөдөгү эң “кымбат” футболчу ким? Криштиану Роналдубу же Мессиби ?

- Ал Месси да.

- Аны да билет экенсиң.

- Сен азыр кайсы спорт менен машыгып жатасың?

-..........................................

-..........................................

-..........................................