Кыргызча   Русский


4. ДИАЛОГ


а) Диалогду окугула, эсиңерге туткула

- Саламатсыңбы?
- Саламатчылык
- Апаңдын туулган күнү качан?
- Аны  эмнеге сурап жатасың?
- Анткени, жакында менин апамдын да туулган күнү.
- Анда апаң эмнени өзгөчө жакшы көрсө, ошону белекке бер.
- Аа, таптым, апам сөйкөнү, билерикти жакшы көрөт. Сенин апаңчы?
- Менин  апам шакекти жана чынжырчаны жакшы көрөт. Сен сөйкө менен билерикке акчаны кайдан табасың?
- Мага бул кѳйгѳй деле эмес, анткени агам “Мурас” фирмасында иштейт, алар кол менен зергер буюмдарды күмүштөн жасашат.
- Анда мен да апама кыргыз оюсу түшүрүлгөн шакекти буйрутмага  берсем болобу?
- Болбойт.
- Эмнеге?
- Анткени шакектин өлчөмүн билиш керек да.
- Оо, аны мен апаман сурап алам. А сен билерик менен сөйкөнүн өлчөмүн билесиңби?
- Билерик менен сөйкөнүн өлчөмү болбойт.
- “Мурас” сѳзү эмнени билдирет?
-“Мурас” деген сѳз бул ата-бабалардын бизге калтырган улуттук майрамдары, салттары жана кол өнөрчүлүгү. Мына менин агам зергер буюмдарды кол менен жасаганды чоң атамдан мурас катары  үйрөнүп алган.


б) Диалогду которгула


1) Когда у мамы день рождения?


2) Потому что скоро день рождения мамы.


3) Моя мама любит сережки и браслет.


4) Моя мама любит кольца и цепочки.


5) Это для меня не проблема, брат работает на фирме “Мурас”.


6) Не получится


7) Потому что нужно знать размер кольца


8) А ты разве знаешь размер серег и браслета?







Күмүштүн касиетин билип алгыла

     Күмүштүн бактерияларга каршы дарылык касиети бар металл экендиги байыртадан бери эле белгилүү. Күмүштөн жасалган идиштеги сууну ичкенде, ар кандай жугуштуу ичеги-карын ооруларынан сактайт, иммунитетти көтөрөт. Күмүштөн жасалган кашык менен тамак ичсе, аллергия оорусу болбойт. Азыркы кезде күмүш 650гө жакын микробго каршы тура алар касиетке ээ экендиги белгилүү.

 (Адабий чыгармалардагы табият сырлары: кошумча окуу-методикалык куралы. Түз. М. Субанова ж.б. “Таалим-Форум” КФ, – Б., 2014. – 106-бет)