Кыргызча   Русский


1. МЕНИН ТУУЛУП – ӨСКӨН ЖЕРИМ


1. Угуп түшүнүү  

 

а) «Ала-Тоо балдары» ырын уккула, ырдап жүргүлө 

 

 

Ала-Тоонун ары жагында

Кыздар ойноп жатышат.

Шакектерин жоготушуп,

Бизден кѳрүп жатышат.

Ай, ай, ай, ай,

Жаман экен кыздар ай!

 

Ала-Тоонун ары жагында,

Балдар ойноп жатышат.

Калпактарын жоготушуп,

Бизден кѳрүп жатышат

Ай, ай, ай, ай,

Жаман экен балдар ай!

 

Ала-Тоонун ары жагында,

Балдар ойноп жатышат.

Калпактарын таап берсек,

Бизге рахмат айтышат.

Ай, ай, ай, ай,

Жакшы экен кыздар ай!

 

Ала-Тоонун ары жагында,

Кыздар ойноп жатышат.

Шакектерин таап берсек,

Бизге рахмат айтышат.

Ай, ай, ай, ай,

Жакшы экен балдар ай!

 

 

 

б)Тил жатыктыруу

жазылышы

айтылышы

ары жагында

таап алышып

ырахмат

аржагында

таавалышып

рахмат



в) Ырды угуп, суроого туура жооп бергиле.


Балдар эмне кылып жатышат?


Кыздар эмнени жоготушту?




г) Ырды угуп, ыр саптарын толуктагыла

Ала-Тоонун

Балдар

Калпактарын таап берсек

Бизге

Ала-Тоонун

Кыздар

Шакектерин

Бизге

Колдонулуучу сөздөр: таап берсек, рахмат айтышат, ойноп жатышат , ойноп жатышат, ары жагында , рахмат айтышат , ары жагында




д) Ырды угуп, бош орундарды толуктагыла

Ала-Тоонун ,

ойноп жатышат.

Камчыларын ,

кѳрүп жатышат.

Ай, ай, ай, ай,

Жаман экен !

ары жагында,

Балдар .

таап алышып,

Бизге айтышат.

Ай, ай, ай, ай,

Жакшы экен !

Колдонулуучу сөздөр: рахмат , жоготушуп, Камчыларын , балдар ай , Бизден , балдар ай , Балдар , ойноп жатышат , ары жагында , Ала-Тоонун