Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


Кыргыз элинин музыкалык аспаптарын билип алалы

 

Комуз – трехструнный щипковый музыкальный инструмент


 Керней – музыкальный инструмент в виде прямой большой медной трубы.


Чоор – дуда; пастушеская свирель; жалейка (из пустотелого стебля)


 Жыгач ооз комуз – музыкальный инструмент из дерева, прикладываемый ко рту.


Темир комуз –музыкальный инструмент из металла, прикладываемый ко рту.


 

Добулбас – небольшой барабан с одним дном, обтянутый верблюжьей кожей.


 

Сурнай – зурна (духовой инструмент типа флейты)


Кыл кыяк – двухструнный смычковый музыкальный инструмент типа скрипки: дека обычно делается из верблюжьей кожи, не прикладывается к плечу, а ставиться вертикально на пол, на землю.



 

а) Диалогду ролдоштуруп окугула, уланткыла

- Саламатсызбы?
- Саламатчылык.
- Улуттук кол ѳнѳрчүлүк бѳлүмү кайда жайгашкан?

- Экинчи кабатта.

- Анда кандай буюмдар сатылат?
- Кийизден, чийден, териден жасалган буюмдар сатылат
- Улуттук аспаптардан эмнелер бар?
- Комуз, чоор, чопо чоор, кыл кыяк.
- Бизге комуз керек эле.
- Комузда ким ойнойт?
- «Мурас» ийриминин катышуучулары.
- Мурас эмнени билдирет?
- «Мурас» - бул ата-бабаларыбыздан калган каада-салттар, улуттук майрамдар, улуттук аспаптар.



 

б) Диалогду которуп, мазмунун аңгемелеп бергиле

- Здравствуйте!

- Здравствуй!

- Где расположен отдел народного ремесла?

- На втором этаже.

- Какие товары продаются там?

- Там продаются товары, сделанные из войлока, чия, кожи.

- Что есть из национальных инструментов?

- Комуз, дудочка, свирель из глины, кыл кыяк.

- Мы хотели купить комуз.

- А кто играет на комузе?

- Участники кружка «Мурас».

- А что означает мурас?

- Мурас - это наследие, национальные традиции и музыкальные инструменты наших предков.



 

в) Текстти окуп, досторуңарга айтып бергиле

Комуз

      Кыргыз элинин эң сүйүктүү жана кеңири таралган музыкалык аспабы – комуз. Комуз эң байыркы музыкалык аспап. Ал ѳрүктүн, карагайдын жана арчанын жыгачынан жасалат. Комуз алмурут формасында чабылат, моюну болсо ичкерип кетет. Жыгачты жалбырактары күбүлүп, мѳмѳсү бышкан кезде кыйышат. Аны сууга кайнатышат жана ышташат. Ошондо комуз бек добуштуу келет. Комуздун узундугу 75 см болот.

Комуз: баш, моюн, тулку, чара, капкак, тепкек, үч буро жана үч кылдан урат. Анын кылы койдун ичегисинен ийрилип жасалат. Комуз менен обондор, күүлѳр чертилет, оркестрде ойнолот.

Азыр Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде комуздун тѳрт түрү бар.

Комуздун күүлѳрү да камбаркан, ботойлор, кербездер, шыңгырамалар, кайрыктар деп бир нече түргѳ бѳлүнѳт.


 

г) Сѳздѳрдүн маанисин эки тилде билип алгыла

улуттук аспап национальный инструмент
алмурут формасында в форме груши
кайнатат кипятят
ыштайт коптят
добуштуу звонкий
башы здесь: головка комуза
моюн

здесь: шея комуза

тулку 

здесь: тело комуза

капкак  крышка
койдун ичегиси кишки барана
күүлѳр чертилет играются мелодии
арча можжевельник
карагай ель


д) Сѳздѳрдү туура которуп, сүйлѳшүүдѳ колдонгула.