Кыргызча   Русский


2. ТЕКСТ "ЫСЫК - КӨЛ" УЛАМЫШЫ


а) Текст боюнча сөз айкаштарын эки тилде өздөштүрүп алгыла

 

Ысык-Көл уламышы

        Илгери кѳлдүн ордуна чоң шаар болгон экен. Шаарды жана анын айланасын ач кѳз хан башкарып турган.

        Шаардан жогору, чоң дайранын жээгинде жашаган кедейдин чүрѳктѳй сулуу кызы болуптур. Сулууга кѳп жигиттер ашык болушат, бирок ал эч кимге макул болбойт. Анткени, түшүндө бир күнү ак боз ат минген жигит келип, колуна шакек салып, «Мени күт, бул шакек колуңда турганда сага эч ким, эч нерсе кыла албайт,» – дейт.

        Кыздын кабары акыры ханга да жетет. «Алып келгиле» - деп, кызга жигиттерин жиберет.

        Жигиттер кызды күч менен хан сарайына алып келишет. Кыз кѳзүн ачса, анын узун жибектей чачтарына, карагаттай кѳздѳрүнѳ суктанып хан отурат. Хан кызга кымбат кийимдерди, асыл буюмдарды тартуулайт. Бирок сулуу анын баарынан баш тартат.

         Хан кызды күч менен кѳндүрмѳк болот. Кыз болсо, хан менен жашагандан кѳрѳ, ѳлүмдү артык кѳрѳт да терезеден боюн таштайт.

         Ошол эле замат кебелбеген аска зоолор титиреп, аскалар талкаланып, картаң хандын сепили кулап бардык капчыгайлардан суу каптай баштайт. Хандын сепилинин оордуна асмандай көгөргөн, мөлтүрөгөн таптаза, кыздын жүрөгүндөй ысык тоо көлү пайда болгон экен. Адамдар аны Ысык – Көл деп аташыптыр.

          Кѳлдүн үстүндѳгү толкун кыздын узун чачтарын элестет. Ал эми тунук суунун астынан байыркы шаардын айрым элестери кѳрүнѳт дешет.

       («Эл таануу» Тексттер топтому түз.Б.Кыдырбаева.ж.б. – Б.2007 – ж.212б)



 

Ысык-Кѳл уламышы легенда Ысык-Куля
ач кѳз хан жадный хан
кедейдин чүрѳктѳй кызы красавица дочь бедняка
ашык болушат влюбляются
ак боз ат минген жигит джигит на белом коне
кыздын кабары весть о девушке
«алып келгиле » «приводите сюда»
күч менен силой
узун жибектей чачтары на длинные волосы как шелк
хан сарайына в ханский дворец
карагаттай кѳздѳрүнѳ на глаза, как смородина
хан менен жашагандан кѳрѳ чем жить с ханом
ѳлүмдү артык кѳрѳм предпочитает смерть
кѳз ирмемде в один миг
туш-туштан урап развалились со всех сторон
шаарды каптап кетет накрывает город
кыздын кѳз жашындай как слеза девушки
жүзүндѳй ысык здесь: как горячее сердце
узун чачтарын элестетет представляет длинные волосы
байыркы шаардын элестери образ древнего города


 



б) Сѳз айкаштарын которуп, эсиңерге сактагыла.







в) «Жолдо» деген кырдаал боюнча диалогду уккула, уланткыла

- Апа, жол кыскартып кѳл жѳнүндѳ айтып берсеңиз.  
- Илгери, илгери, III кылымда «усун» уруулары жашаган экен.  
- Кайда?  
- Ысык-Кѳлдѳ, азыр биз жашаган жерде. Тарыхый маалыматтарда алардын чачтары саргыч, кѳздѳрү кѳк экендиги айтылат.  
- Мына кызык! Ии, уланта берсеңиз.  
- Алардын курулуш-жайлары табылган дешет.  
- Кайдан?  
- Кѳлдүн түбүнѳн.  
- Дагы эмнелер табылган экен?   
- Чопо идиштер, асем буюмдар.  

- Апа, расскажите об озере, чтоб дорогу скоротать.

- Давным-давно, в III веке, жило племя усуней.

- Где?

- На Иссык-Куле, где мы сейчас живем. По сведениям они были светловолосые и голубоглазые.

- Вот это да!  Продолжайте, пожалуйста.

- Говорят, были найдены их постройки.

- Где?

- На дне озера.

- А что еще было найдено?

- Глиняная посуда, драгоценные вещи.

 



г) Диалогду которгула, сүйлѳшкүлѳ.