Кыргызча   Русский


3. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Диалогду уккула, сүйлөшкүлө

- Сен кайда шашып баратасың?
- Майрамга.
- Кайсы майрамга?
- Түшүм майрамына.
- Майрам кайда болот экен?
- Билбейсиңби, мектепте, чоң залда өткөрөбүз.
- Сен билесиңби, түшүм майрамы эмне үчүн «чечкор» деп аталарын?
- Албетте, чеч – деп айрыны, кор – деп үйүлгѳн буудайды аташат экен.
- Мол түшүмдүн ээси ким болгон дешет?
- Баба дыйкан.
- Ал эми ийгиликтин, жакшылыктын ээсичи?
- Кыдыр ата.
- Сен баарын билет экенсиң.
- Эмне үчүн кырманга ит, жылан келсе аларга тийген эмес?
- Баба дыйкан, Кыдыр ата ит менен жыландын кейпинде келишкен деп ишенишкен.
-А эмнеликтен кырманга от, суу жолоткон эмес?
- Баба дыйкан, Кыдыр ата оттон, суудан качат.
- Эмнеге?
- Анткени суу булутту, булут жаанды чакырат дешкен.
- А оттучу?
- Оттон ѳрт чыкса, эл эгинсиз калбайбы?


б) Диалог боюнча суроолорго жооп бергиле


1) Сен кайсы майрамга бара жатасың?


2) Түшүм майрамы эмне деп аталат?


3) Мол түшүмдүн ээси ким болгон дешет?


4) Ийгиликтин, жакшылыктын ээси ким болгон дешет?




в) Сөз тизмектери менен конструкция боюнча сүйлөм түзгүлө

1.
.

Колдонулуучу сөздөр: чечкорду, күзүндѳ, Кыргыз, эли, майрамдашкан




2.

, .

Колдонулуучу сөздөр: кетишкен, үйлѳрүнѳ, Кызылды, алып, түнѳтүп, эртеси




3.

«» .

Колдонулуучу сөздөр: Чечкор, ырым-жырымдарды, майрамында, ѳткѳрүшкѳн




4.

, .

Колдонулуучу сөздөр: чакырат, жаанды, булутту, дешкен, Суу, булут