Кыргызча   Русский


5. СӨЗ ОЮНУ: «КАРШЫ СӨЗ»


Бир сөз айтсам мен сага

Ошол сөздүн каршысын

Дароо таап жаңылбай

Керек ылдам айтышың.

 

Мейли, муну ким тапсын,

Ар бир жообу уйкашсын.

Анда калем сапты алып,

Сөз оюнун баштадык.



Сѳз оюнду баштадык:

жапыз -

кашаң -

баатыр -

уста -

жок -

кенен -

кара -

жуп -

жумшак -

ширин -

шаар -

ысык -

терең -

жакын -

ичке -

дарбыз -

семиз -

ачык -

      Токтосун Самудинов

Колдонулуучу сөздөр: ак , арык , коркок , так , бийик , тар , жоон , тайыз , чоркок , жабык , шашма , бар , алыс , катуу , муздак , коон , кыштак , ачуу