Кыргызча   Русский


4. ТЕКСТ МУРАТААЛЫ КУРӨҢКЕЕВ


а) Текстти кѳркѳм окугула. Залкар ѳнѳрпоз жѳнүндѳ сыймыктана жүргүлѳ

 

Муратаалы Күрѳңкеев

    Улуу кыл кыякчы жана залкар комузчу Муратаалы Күрѳңкеев 1860-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак айылында туулган. Атасы Күрѳңкѳй жана чоң атасы Белек кыл кыякчы, комузчу, чоорчу, сурнайчы жана кернейчи болушкан.

    Муратаалы жаш кезинен музыкага шыктуу болгон. Ал атасынан аспап жасоо ѳнѳрүн үйрѳнгѳн. Муратаалы казактын тѳкмѳ акындары жана домбурачылары Жамбыл Жабаев, Кенен Азербаевдер менен жолугушуп, чыгармачылык жактан баарлашып турган. Алардан домбура чертүүнү үйрѳнгѳн.

   1928-жылы музыка изилдѳѳчү А.Затаевич Пишпекке кыргыз музыка фольклорун нотага жазуу үчүн келет. Ошондо Муратаалы да чакырылып, ѳзүнүн жана атасы Күрѳңкѳйдүн күүлѳрүн ойноп берген. Чакырылган элдик кесипкѳй музыканттардын ичинен күү тарыхын билген жана комузда кѳп ойногон Муратаалы болгон. Андыктан А.Затаевич анын ѳнѳрүн жогору баалап: «Кыргыз музыкасынын даана кенчи экен», - деп жазган. Ал Муратаалынын 18 кыл кыяк күүсүн нотага түшүрүп, китепке чыгарган.

  М.Күрѳңкеев он жыл (1936-1946) Кыргыз мамлекеттик филармонияда кыл кыякчы болуп иштеген. Кыргыз эл аспаптар оркестринин кыл кыяктар тобунда өнөрүн тартуулаган.

  1939-жылы Москвада ѳткѳн кыргыз адабияты жана искусствосунун биринчи декадасына катышып, Кыргыз СССРинин Эл артисти деген ардак наам алган. Ал «Эмгек Кыргыз Туу» ордени менен да сыйланган. СССР Композиторлор союзуна мүчѳ болуп кабыл алынган.

Муратаалынын репертуарында 100дѳн ашык аспаптык чыгармалар болгон. Ал кыргыз күүлѳрүнѳн сырткары, казак, орус музыкасын черте билген.

    Азыркы учурда Бишкек шаарыбыздагы музыкалык орто окуу жайы М.Күрѳңкеевдин ысымын алып жүрѳт.

 

 

 

б) Сѳз айкаштарынын маанисин эки тилде билип алгыла.

музыкага шыктуу способный к музыке  
аспапчылык ѳнѳр инструментальное ремесло  
тѳкмѳ акындар акыны-импровизаторы  
баарлашып турган общались  
музыка изилдѳѳчү исследователь музыки  
элдик кесипкѳй музыканттар народные профессиональные музыканты  
ѳнѳрүн жогору баалоо высоко оценить талант  
даана кенчи экен здесь: действительно сокровищница  
эл аспаптар оркестри народный инструментальный оркестр  
«Эмгек Кызыл Туу» ордени орден «Трудового Красного знамени»  
аспаптык чыгарма инструментальное произведение  


в) Сѳз айкаштарын туура которуп, сүйлѳшүүдѳ колдонгула.




г) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Залкар комузчу жана кыл кыякчы М.Күрѳңкеев кайда туулган?


2. Ал аспапчылык ѳнѳрдү кимден үйрѳнгѳн?


3. М.Күрѳңкеев дагы кайсы элдин музыкасын черткен?


4. Комузчунун репертуарында канчалаган аспаптык чыгармалар бар?




д) Текстти толуктап, аңгемелеп бергиле.

1.
Улуу жана залкар Муратаалы Күрѳнкеев
Кемин районундагы айылында туулган.

Колдонулуучу сөздөр: Талды - Булак , комузчу, кыл кыякчы , 1860-жылы Чүй облусунун




2.

Муратаалы жаш кезинен шыктуу болгон.

3. Ал атасынан ѳнѳрүн үйрѳнгѳн.

4. Муратаалы казактын менен жолуккан.

5. Алардан үйрѳнгѳн.

6. А. Затаевич анын жогору баалап: «Кыргыз музыкасынын даана экен», - деп жазган.

7. Ал Муратаалынын нотага түшүрүп, чыгарган.

8. М.Күрѳңкеев Кыргыз мамлекеттик филармонияда болуп иштеген.

9. кыяктар тобунда ойноду.

10. СССР Композиторлор болуп кабыл алынган.

11. Азыркы учурда Бишкек шаарыбыздагы музыкалык орто окуу жайы ысымында.

Колдонулуучу сөздөр: 18 кыл кыяк күүсүн , аспап жасоо , кенчи, домбура чертүүнү, кыл кыякчы, Кыргыз эл аспаптар оркестринин кыл , М.Күрѳңкеевдин, китепке, союзуна мүчѳ, ѳнѳрүн, тѳкмѳ акындары жана домбурачылары Жамбыл Жабаев, Кенен Азербаевдер , музыкага




е) Тѳмѳнкү сүйлѳмдѳрдү мааниси боюнча бириктиргиле.