Кыргызча   Русский


4. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ


Сапаттык сын атооч

  Кыргыз тилиндеги сапаттык сын атоочтор заттын сын-сыпатын, өңү-түсүн, даам-татымы, көлөм-ченеми формасы сыяктуу белгилерди көрсөтөт.

 Мисалы: Ак көйнөк (белое платье), жаңы идиш (новая посуда), таттуу алма (сладкое яблоко).


 

          а) Сын атооч – кандай? (какой?)

кызыл алма – красное яблоко

ширин алмурут – сочная груша

жыттуу шабдалы – ароматный персик

кычкыл чие – кислая черешня

таттуу абрикос – сладкий абрикос

кычкыл кара өрүк – кислый чернослив





 

б) Сөз айкашын которуп, сүйлөм түзгүлө

красное яблоко -  

сочная груша -       

ароматный персик -   

кислая черешня -   

сладкий абрикос -    

кислый чернослив -   





 

в) Сүйлөмдөрдү окугула

Кызыл алма 80 сом турат.

Ширин алмурут 60 сом болот.

Жыттуу шабдалы 70 сомдон кем болбойт.

Кычкыл чие 65 сом турат.

Таттуу абрикос 55 сом болот.

Кычкыл кара ѳрүк  50 сомдон кем болбойт





 

Сын атоочтун даражалары

   Салыштырма даража бир заттагы белги, сапат экинчи заттагыдан көбүрөөк же азыраак экендигин көрсөтөт,

- раак, - ыраак мүчөлөрүнүн уланышы аркылуу жасалат:

               Мисалы: кызыл – кызылыраак

                                          ширин – ширинирээк

                                          кычкыл – кычкылыраак

                                          жыттуу – жыттуураак

                                          таттуу – таттуураак

    Күчөтмө даража бир заттагы белги, сапаттын өтө эле жогору же төмөн даражада экендигин көрсөтөт, абдан, аябай, өтө, эң, чымкый күчөтмө сөздөрдүн жана чакчылдын n мүчөсү аркылуу жасалат:

 Мисалы: абдан кызыл - өтө кызыл -кыпкызыл

                абдан ширин - өтө ширин - шипширин

                абдан кычкыл - өтө кычкыл - кыпкычкыл

                абдан жыттуу - өтө жыттуу - жыпжыттуу

                абдан таттуу - өтө таттуу – таптаттуу



а) Сүйлөмдөгү берилген сын атоочтун даражаларын аныктагыла.


1. Арзаныраак берсеңиз 2 килограмм алам.


2. Мөмө-жемиштер мынча неге кымбат.


3. Көйнөгүңүз кымбатыраак экен.


4. Сизге абдан жарашыктуу экен.


5. «А» витамини кайсы мөмө-жемиште көбүрөөк кездешет?




б) Сѳз айкашын кыргыз тилине которгула.


1. красивое платье


2. сладкий торт


3. интересная книга


4. красный цветок


5. холодная вода


6. жаркий день




в) Сын атоочтун даражаларын которулга.


1. красный – краснее – очень красный


2. теплый – теплее – горячий


3. короткий – короче – очень короткий


4. низкий – ниже – очень низкий